# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-мартындагы № 111 "Токой фондун эсепке алуунун бирдиктүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-мартындагы № 111 "Токой фондун эсепке алуунун бирдиктүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.03.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97495>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18059/edition/640746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97495.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-мартындагы № 111 "Токой фондун эсепке алуунун бирдиктүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (11.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97495

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 11-марты № 111 Токой фондун эсепке алуунун бирдиктүү тартибин бекитүү жөнүндө Токой фондун сарамжалдуу пайдаланууну уюштуруу, коргоо, сактоо, токойлорду жаңыртып өстүрүү, токой фондунун сапаттык жана сандык өзгөрүшүн тутумдук контролдоо, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жарандарды жана юридикалык жактарды токой фонду жөнүндө ишенимдүү камсыздоо максатында, токойлордун эсебин алууну тутумдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 18 жана 83-берекелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токой фондун эсепке алуунун бирдиктүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
