# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 216 "1997-жылдын 18-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кошумча нарктан салык алуунун принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 216 "1997-жылдын 18-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кошумча нарктан салык алуунун принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97481>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18046/edition/747911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97481.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 216 "1997-жылдын 18-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кошумча нарктан салык алуунун принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө" токтому (16.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97481

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 16-апрели № 216 "1997-жылдын 18-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кошумча нарктан салык алуунун принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "1997-жылдын 18-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кошумча нарктан салык алуунун принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ушул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1997-жылдын 18-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кошумча нарктан салык алуунун принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу

1-берене. 1997-жылдын 18-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кошумча нарктан салык алуунун принциптери жөнүндө макулдашуу денонсациялансын.

2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Мыйзамдын 1-беренесинде аталган Макулдашуунун денонсациялангандыгы тууралуу Казакстан Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте билдирсин.

3-берене. Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө эл аралык келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
