# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-февралындагы № 64 "2015-2020-жылдарга Жалал-Абад облусундагы Токтогул районун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылын туруктуу өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-февралындагы № 64 "2015-2020-жылдарга Жалал-Абад облусундагы Токтогул районун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылын туруктуу өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.02.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97477>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18042/edition/1145314/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97477.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-февралындагы № 64 "2015-2020-жылдарга Жалал-Абад облусундагы Токтогул районун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылын туруктуу өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө" токтому (16.02.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97477

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 16-февралы № 64 2015-2020-жылдарга Жалал-Абад облусундагы Токтогул районун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылын туруктуу өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V "2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программаны" бекитүу жөнүyдө" токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программанын алкагында Жалал-Абад облусундагы Токтогул районуна жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылына мамлекеттик колдоо көрсөтүү, калкынын жашоосунун деңгээлин жана сапатын көтөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-2020-жылдарга Жалал-Абад облусундагы Токтогул районун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылын туруктуу өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жогоруда аталган Программаны сапаттуу жана өз учурунда аткаруу үчүн Жалал-Абад облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жеке жоопкерчилик белгиленсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
