# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 219 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 219 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 219
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97470>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18035/edition/1054709/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97470.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 219 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (10.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97470

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 16-апрели № 219 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу схемасында "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча механикалаштырылган базалар (Ысык-Көл, Жалал-Абад)" деген позиция "Жалал-Абад" деген сөздөн кийин "жана Талас" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
