# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 195 "Иш берүүчү жоюлганда (банкрот болгондо) пенсияларды төлөөгө, кызматкерлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу суммаларына арналган каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 195 "Иш берүүчү жоюлганда (банкрот болгондо) пенсияларды төлөөгө, кызматкерлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу суммаларына арналган каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97455>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18022/edition/696538/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97455.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 195 "Иш берүүчү жоюлганда (банкрот болгондо) пенсияларды төлөөгө, кызматкерлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу суммаларына арналган каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (06.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97455

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 6-апрели № 195 Иш берүүчү жоюлганда (банкрот болгондо) пенсияларды төлөөгө, кызматкерлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу суммаларына арналган каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Иш берүүчү жоюлганда (банкрот болгондо) пенсияларды төлөөгө, кызматкерлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу суммаларына арналган каражаттарды өз убагында капиталдаштырууну камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 255-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Иш берүүчү жоюлганда (банкрот болгондо) пенсияларды төлөөгө, кызматкерлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу суммаларына арналган каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 629 "Каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
