# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 205 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 508 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 205 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 508 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 205
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97450>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18017/edition/696532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97450.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 205 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 508 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (08.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97450

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 8-апрели № 205 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 508 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө медициналык күбөлөндүрүүнү өткөрүү маселелерин тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 508 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогорудагы аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары жөнүндө жободо:

- 5-пункттун 4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
