# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 204 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 388 “Кыймылсыз мүлк объекттерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 204 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 388 “Кыймылсыз мүлк объекттерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 204
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97449>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18016/edition/696530/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97449.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 204 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 388 “Кыймылсыз мүлк объекттерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (10.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97449

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 234 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 8-апрели № 204 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 388 “Кыймылсыз мүлк объекттерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 388 “Кыймылсыз мүлк объекттерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлк объекттерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- III главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“III. Өз билемдик менен курулган курулуштарды техникалык текшерүү”;

- 48 жана 49-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“48. Эгерде жаӊы курулган кыймылсыз мүлктү алгачкы текшерүүдө анын өз билемдик менен курулгандыгы аныкталса, ага техникалык паспорт түзүлбөйт. Мындай учурда тиешелүү акт түзүлүп, ал чара көрүү үчүн техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бир жумалык мөөнөттө жиберилет.

49. Өз билемдик менен курулган курулушту текшерүү жөнүндө арыз берген адамга себебин көрсөтүү менен техникалык паспорт түзүүдөн баш тартылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кат жиберилет.”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
