# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 182 "Ашхабад шаарында 2014-жылдын 11-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын ортосундагы Достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 182 "Ашхабад шаарында 2014-жылдын 11-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын ортосундагы Достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 182
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97431>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17999/edition/747871/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97431.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 182 "Ашхабад шаарында 2014-жылдын 11-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын ортосундагы Достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97431

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 2-апрели № 182 “Ашхабад шаарында 2014-жылдын 11-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын ортосундагы Достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер жактырылсын:

- “Ашхабад шаарында 2014-жылдын 11-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын ортосундагы Достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Ашхабад шаарында 2014-жылдын 11-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын ортосундагы Достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Ашхабад шаарында 2014-жылдын 11-ноябрында кол коюлган

Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын ортосундагы

Достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө

келишимди ратификациялоо тууралуу

1-берене Ашхабад шаарында 2014-жылдын 11-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын ортосундагы Достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө келишим ратификациялансын.

2-берене Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө түркмөн тарапка кабарласын.

3-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
