# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97410>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17979/edition/696472/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97410.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (12.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97410

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 26-марты № 160 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомунун редакциясына ылайык) Жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу, акы төлөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (бааларды) түзүүнүн негизги принциптерин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 "Акы төлөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн методикасы жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Акы төлөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн методикасы жөнүндө жободо:

- 2.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2.1. Акы төлөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтер (баалар) акы төлөтүп кызмат көрсөтүүгө укуктуу органдын сарптоолорунан наркты көбөйүү жагына сомго чейин тегеректөө менен гана аныкталат.".

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
