# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 140 "Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөткөн субъектилерди аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 140 "Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөткөн субъектилерди аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97403>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17973/edition/911556/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97403.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 140 "Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөткөн субъектилерди аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (01.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97403

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 516 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 23-марты № 140 Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөткөн субъектилерди аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөткөн субъектилерди аккредитациялоо жол-жоболорун жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 26 жана 39-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөткөн субъектилерди аккредитациялоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
