# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 154 "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 154 "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97400>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17970/edition/747861/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97400.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 154 "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97400

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 25-марты № 154 "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене. "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (2013-жылдын 30-декабрындагы № 227) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 5-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "4483479,0" деген цифралар "4506979,0" деген цифралар менен алмаштырылсын.

2-берене. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
