Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 29-майындагы № 27 аныктамасына Зайнидин Карпекович Курмановдун даттануусун кароо жөнүндө»токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН ТОКТОМУ 2018-жылдын 19-июну Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 29-майындагы № 27 аныктамасына Зайнидин Карпекович Курмановдун даттануусун кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы Н.А. Кененсариеванын катышуусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, З.К. Курмановдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 29-майындагы № 27 аныктамасына даттануусун соттук отурумда карап чыкты. Даттанууда баяндалган жүйөлөрдү жана З.К. Курмановдун өтүнүчү боюнча материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Т А П Т Ы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2017-жылдын 19-апрелинде жаран З.К. Курмановдун «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 24-июлундагы № 190 Мыйзамынын конституцияциялуулугун текшерүү жана аны Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине, 9-беренесинин 3-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 40-беренесине, 42-беренесинин 3-бөлүгүнө, 53-беренесине, 97-беренесинин 6, 7, 11-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Арыздануучу кайрылуусунда Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар талашылып жаткан Мыйзам менен жокко чыгарылган, ал эми белгиленген Мыйзам күчүнө киргенге чейин сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алууга укуктуу жана аны алуу үчүн тийиштүү органдарга кайрылган жарандардын сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алуу тартиби аталган Мыйзамда аныкталбай калган, бирок талашылып жаткан Мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу ал жарандар көрсөтүлгөн пенсияны алуу укугун жүзөгө ашыра албай калышкан деп белгилеген. Арыздануучу өзүнүн кайрылуусунда Кыргыз Республикасынын Конституциясында мыйзамдар жана башка ченемдик-укуктук актылар өткөн мезгилге карата колдонулбайт деген укук үстөмдүгүнүн негиздөөчү принциптеринин бири белгиленген деп баяндаган. Көрсөтүлгөн принцип «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинде чагылдырылган, ага ылайык «ченемдик укуктук актынын колдонулушу ал күчүнө киргизилгенге чейин келип чыккан мамилелерге карата жайылтылбайт». Демек, З.К. Курманов болжогондой, эгер мыйзам менен мамлекет тарабынан кепилденген кандайдыр бир социалдык камсыздандырууну алуу укугу жокко чыгарылган болсо, мамлекет социалдык камсыздандырууну алуу негиздери мыйзам күчүнө киргенге чейин пайда болгон жарандарга, ал жарандар тарабынан көрсөтүлгөн пенсияны алуу үчүн мыйзамда караштырылган бардык чаралар жасалган соң, аларга жокко чыгарылып жаткан укуктун жүзөгө ашырылуусун камсыздоосу керек. Андан ары арыздануучу, Кыргыз Республикасы социалдык мамлекеттин конституциялык принцибин жүзөгө ашырууда мамлекеттик пенсияларды, жөлөкпулдарды жана социалдык коргоонун башка кепилдиктерин орнотот, ошондой эле жарандар үчүн мамлекеттин негизги конституциялык милдеттеринин бири болуп мыйзамда каралган учурларда жана тартипте кепилденген социалдык камсыздандыруу саналат деп көрсөткөн.
З.К. Курманов өзүнүн өтүнүчүндө социалдык мамлекеттин жогоруда көрсөтүлгөн принциптери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 16-ноябрындагы Чечиминде белгиленген укуктук көз караштарында да өз ырастамасын тапкан, анда мамлекеттин жарандар үчүн негизги милдеттеринин бири болуп мыйзам менен караштырылган учурларда жана белгиленген тартипте кепилденген социалдык камсыздандыруу болуп саналаарын белгилеген. Айрым жарандардын Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгегин таанып, мамлекет аларды социалдык жактан коргоо боюнча белгилүү коомдук-укуктук милдеттерди өзүнө алган.
Арыздануучунун пикири боюнча ченем жаратуучу орган жарандардын мамлекеттик социалдык колдоонун белгилүү түрлөрүн алуу укугун жокко чыгарууда мыйзам алдында баары бирдей деген конституциялык принципти жетекчиликке алуусу керек болуучу. Андан тышкары, жарандардын жогоруда көрсөтүлгөн категориясынын социалдык колдоо алууга бирдей мүмкүнчүлүктөрүн камсыздап, мыйзам чыгаруучу талашылып жаткан Мыйзамга, ал күчүнө киргенге чейин социалдык колдоону алууга өзүнүн укугу пайда болгон жарандарга анысын толугу менен жүзөгө ашырууга жол берген өткөөл жоболорду камтып кетүүсү керек болуучу. Баяндалганды эске алуу менен, арыздануучу «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 24-июлундагы № 190 Мыйзамы конституциялуу эмес деп таанууну жана белгиленген Мыйзам күчүнө киргенге чейин сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алууга укуктуу болуп жана аны алуу үчүн тийиштүү органдарга кайрылган жарандарга сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алуу укугун берген процедуралардын болбогон бөлүгүндө колдонуусун жокко чыгарууну суранууда. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы З.К. Курмановдун өтүнүчүн карап чыгып, кайрылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына караштуу эмес деген тыянакка келди. Келтирилген кайрылууда, арыздануучу өз көз карашын негиздеп берүүдө келтирген жүйөлөрү маңызы боюнча аны менен «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 24-июлундагы № 190 Мыйзамында талашылып жаткан Мыйзам күчүнө кирип жаткан учурда сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алууга укугу болуп жана аны алуу үчүн тийиштүү органдарга кайрылган жарандардын укуктарынын токтотулушунун өзгөчө тартибин регламенттеген максатка ылайыктуу ченемдик жоболордун жоктугу тууралу маселе коюлуп жатканын күбѳлѳндүрүп турат. Ошол эле убакытта, колдонуудагы укуктук жөнгө салууга толуктоолорду киргизүүнү талап кылган укуктагы кенемтелерди толуктоо сыяктуу өңчөй маселелерди чечүү мыйзам чыгаруучунун жеке компетенциясына кирет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ыйгарым укуктарына кирбейт. Ушуга байланыштуу, эгер келтирилген кайрылуудагы талап Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына караштуу болбосо, судьялар коллегиясы кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат. Жогоруда баяндалгандын негизинде, судьялар коллегиясы кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама кабыл алган. Судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 29-майындагы № 27 аныктамасы менен макул болбостон, З.К. Курманов 2018-жылдын 6-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылган. Арыздануучу өз даттануусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптары бузулуп, даттанылып жаткан аныктамада кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиз болуп саналган конкреттүү пункттар көрсөтүлгөн эмес деп белгилейт. Ошондой эле, З.К. Курманов жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 25-беренесинде кайрылууну баяндоого жана талашылып жаткан ченемдин конституциялуу эместигин негиздеп берүүгө кандайдыр бир талаптар жок деп белгилеген. Демек, анын пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясында кайрылууну кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиздер болгон эмес. Мында, арыздануучу, судьялар коллегиясы ал четтетүү мыйзам чыгаруучунун компетенциясына гана таандык болгон укуктагы кенемтеге даттанды деген тыянагында жаңылышууда деп эсептейт. Өз кайрылуусунда ал мыйзамдардагы кенемтени толуктоо тууралуу маселени койгон эмес, ал «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 24-июлундагы № 190 Мыйзамын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине, 9-беренесинин 3-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 40-беренесине, 42-беренесинин 3-бөлүгүнө, 53-беренесине, 97-беренесинин 6, 7, 11-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанууну жана белгиленген Мыйзам күчүнө киргенге чейин сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алууга укуктуу болуп жана аны алуу үчүн тийиштүү органдарга кайрылган жарандарга сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алуу укугун берген процедуралардын болбогон бөлүгүндө колдонуусун жокко чыгаруу суранган. Мыйзамдардагы кенемте тууралуу маалымат жана укук колдонуу тажрыйбадан келтирилген мисал кошумча маалымат эле болчу жана талашылып жаткан ченем менен тике байланышта туруп, кайрылуу субъекти тарабынан ишти ар тараптуу жана объективдүү кароо максатында келтирилген болуучу.
З.К. Курманов ошондой эле, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Регламентинин 53-пунктуна ылайык соттук коллегия кайрылууну жана ага тиркелген документтерди көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 25-беренесинде орнотулган талаптарга ылайык келүүсүн гана текшерет. Ошону менен бирге, арыздануучу, баш тартуу жөнүндө аныктамада кайрылуу жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 25-беренесинде белгиленген талаптарга ылайык келбегендиги көрсөтүлгөн эмес деп эсептейт.
Баяндалганлды эске алуу менен, З.К. Курманов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 29-майындагы № 27 аныктамасын жокко чыгарууну жана кайрылууну конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алууну суранууда. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун жүйөлөрүн жана судьялар коллегияларынын кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуунун негиздерин талкуулап, кийинкидей тыянактарга келүүдө. Судьялар коллегиясынын аныктамасы, кайрылууда талашылып жаткан Мыйзам күчүнө кирип жаткан учурда сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алууга укуктуу болуп жана аны алуу үчүн тийиштүү органдарга кайрылган жарандардын укуктарынын токтотулушунун ѳзгѳчѳ тартибин регламенттеген ченемдик жоболордун жоктугуна байланыштуу талашылып жаткан Мыйзамды конституциялуу эмес деп таануу жөнүндө маселе коюлганына негизделген. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы судьялар коллегиясынын белгиленген маселе боюнча жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна шилтеме жасаган тыянактарын туура деп белгилейт, анткени арыздануучунун аргументациясы, ой-толгоолору жана тыянактары талашылып жаткан мыйзам күчүнө киргенге чейин ыйгарымдуу мамлекеттик органга кайрылган адамдарга сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияны белгилѳѳ жана эсептөө процедурасынын болбогондугуна барып такалууда деп эсептейт. Ченемдик укуктук актылардын конституциялык презумпциясына карай алардын конституциялуу эместиги тууралуу маселенин коюлушу качан гана алардын конституциялуулугу туурасында күмөндүүлүктү даана туудурган укуктук мүнөздөгү ынанымдуу жүйөлөр болгондо гана мүмкүн. Бирок, арыздануучу келтирген жүйөлөр талашылып жаткан бүтүндөй мыйзамдын конституциялуулугу туурасында күмөндүүлүктү туудурган мерчемдүү себептерди камтыбайт. Конституциялык сот өндүрүшүнүн маңызы тийиштүү укуктук мамилелерди жөнгө салган конкреттүү ченемдердин конституциялык орнотмолорго ылайык келүүсүн текшерүүдө турат. Мамлекет алдында сиңирген өзгөчө эмгегин таануу, пенсиянын негизги түрүнө кошумча үстөк катары тийиштүү пенсияны дайындоо же жокко чыгаруу мыйзам чыгаруучунун дискрециясына таандык. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 29-майындагы № 27 аныктамасын жокко чыгаруу үчүн негиздерди тапкан жок. Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн, 46, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зайнидин Карпекович Курмановдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын «Жаран Зайнидин Карпекович Курмановдун «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 24-июлундагы № 190 Мыйзамынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» 2017-жылдын 29-майындагы № 27 аныктамасын жокко чыгаруу жѳнүндѳ даттануусу канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 24.07.2015 · № 190
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 37 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон