Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 4 февраля 2025 года № 55 "Об утверждении Правил охоты на территории Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-02-04.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 55 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 23-марты № 143 Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык) "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине жана "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 143 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу ЭРЕЖЕЛЕРИ (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Терминдер жана аныктамалар
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуунун ушул Эрежелеринде (мындан ары - Эрежелер) колдонулган терминдер жана аныктамалар: аңчылык - табигый эркиндикте же жарым-жартылай эркиндик шартында жүргөн жапайы жаныбарларды жана канаттууларды олжолоо жана накталай кармоо (кармоо же атуу жолу менен) максатында аңчылар издеп, аңдып, изин кууп ишке ашырган процессти билдирген жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин колдонуу түрү; аңчы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик мергенчилик ырастамасын алган жеке адам же аңчыга теңештирилген адам; мамлекеттик мергенчилик ырастамасы - жеке жактын аңчы статусун алгандыгын күбөлөндүргөн мамлекеттик документ; аңчылык кылынуучу жаныбарлар - алардын сакталышы, көбөйүшү жана пайдаланылышы "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынган, табигый жаратылыш шарттарында же аңчылык питомниктеринде жүргөн, түрдүк таандыктыгы боюнча жаныбарлар дүйнөсүнүн (жапайы жаныбарлар жана канаттуулар) өкүлдөрү; мергенчилик кылынуучу жаныбарларды уулоо - табигый чөйрөдөн атуу же кармоо аркылуу аңчылык жаныбарларын алып коюу; мамлекеттик аңчылык фонду - аңчылык жаныбарларынын алардын жашоо чөйрөсү менен бирдиктүүлүгү; аңчылык ресурстар - аңчылык жаныбарларынын түрдүк жана сан жагынан жыйындысы; Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби (мындан ары - Кызыл китеп) - ага киргизилген сейрек кездешүүчү, жоголуп бараткан же жок болуу коркунучу алдында турган жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин жана козу карындардын биологиясы, таралышы жана жашоо чөйрөсүнүн абалы, аларды сактап калуу, калыбына келтирүү жана туруктуу пайдалануу боюнча көрүлүп жаткан жана сунушталуучу чаралар жөнүндө маалыматтардын жыйындысы; лимит - республиканын мергенчилик кылуучу жерлеринин бардык аймагында же белгилүү бир мергенчилик кылуу жерлеринде белгиленүүчү популяциялардын туруктуу жашоосун жана көбөйүү жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен табигый чөйрөдөн алуу максаттарына карабастан алууга жол берилген айырмаланган түрлөрүнүн чектелген саны; жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу ченемдери - популяциялардын туруктуу жашоого жана кайра көбөйүүгө жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен, белгилүү бир мезгилге, конкреттүү мергенчилик кылуучу жерлерге же бир аңчыга белгиленүүчү табигый чөйрөдөн алууга карата жол берилген аңчылык жаныбарларынын лимиттелбеген өзгөчөлөнгөн түрлөрүнүн чектелген саны. олжолоонун (алып коюунун) квотасы - аңчылыкты пайдалануучулардын өтүнмөлөрү боюнча конкреттүү аңчылык жерлеринин аймагында (мергенчилик чарбасы, аңчылык жерлеринин участогу) аңчылык ресурстарын пайдалануунун белгилүү мөөнөтүнө жана түрүнө бөлүнүүчү лимиттин бир бөлүгү; аңчылыктын олжосу - аңчылыктын продуктусу (олжолонгон жапайы жаныбарлар жана алардын дериваттары); чет өлкөлүк аңчы - жапайы жаныбарларга аңчылык кылуу үчүн Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жаран. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Жалпы жоболор
1. Бул Эрежелер "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө", "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иштелип чыкты жана аңчылык кылуу, мергенчилик чарбасын жүргүзүү, аңчылык продукциясын пайдалануу чөйрөсүндө келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.
Кыргыз Республикасындагы аңчылык эрежелери аңчылыкты жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.
2. Бул Эрежелерди аңчылыкты ишке ашыруучу жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана аңчылык чарба ишин жүргүзүүчү бардык адамдар сактоого милдеттүү.
Кыргыз Республикасында аңчылыкты жүргүзүү укугуна белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аңчы статусу бар же ага теңештирилген адамдар гана укуктуу.
3. Аңчы статусу бар жеке адамдардын же ага теңештирилген адамдардын аңчылык кылууга укугун ишке ашыруу аңчылык кылуу жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Аңчылыкты жүзөгө ашырууга аңчылык чарба ишин жүргүзүүгө кимдир-бирөөгө белгиленген тартипте укук берилген мергенчилик чарбаларында жол берилет.
5. Мергенчилик чарбаларында жана мергенчилик чарбаларынын курамына кирбеген өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында ок атуучу, пневматикалык жана металл курал-жарак, алгыр жырткыч куштар, капкандар жана аң уулоонун башка жарактары же аңчылык продукциясы менен кирүү аңчылыкка теңештирилет.
3. Аңчылык кылуу мөөнөттөрү, ыкмалары жана куралдары
6. Аңчылык жаныбарлары алардын жашоо чөйрөсү менен жыйындысында мамлекеттик аңчылык фондун түзөт. Олжолоого (жаратылыш чөйрөсүнөн алууга) уруксат берилген аңчылык жаныбарларынын түрлөрүнүн/түрчөлөрүнүн тизмеси Аңчылык кылуу эрежелеринин 1-тиркемесинде келтирилген.
7. Жапайы жаныбарларга аңчылык кылуунун чектелүү мөөнөттөрү төмөнкүдөй болуп саналат:
- сары чычканга - өтүп жаткан жылдын мартынын биринчи ишембисинен апрелдин акыркы жекшембисине чейин;
- суурга - өтүп жаткан жылдын июлунун биринчи ишембисинен сентябрдын биринчи жекшембисине чейин;
- туяктуу жаныбарларга (эликтен башкасы) - өтүп жаткан жылдын августунун экинчи ишембисинен тартып декабрынын биринчи жекшембисине чейин;
- эликке - өтүп жаткан жылдын августунун экинчи ишембисинен кийинки жылдын октябрынын акыркы жекшембисине чейин;
- бөдөнөгө, көгүчкөнгө, бактекке - өтүп жаткан жылдын августунун экинчи ишембисинен декабрдын акыркы жекшембисине чейин;
- казга (тоо казынан башкасы), өрдөккө, кашкалдакка, вальдшнепке, кашкулакка - өтүп жаткан жылдын сентябрынын экинчи ишембисинен декабрынын үчүнчү жекшембисине чейин;
- кекиликке, коёнго, териси баалуу жаныбарларга (түлкү, чоң арыс чычкан, арыс чычкан, тыйын чычкан, талаа ак күсөнү жана баалуу тери чийки затын алуу максатында олжолонуучу башка жаныбарлар), сары чычкандан, суурдан жана ондатрадан башкасы - өтүп жаткан жылдын октябрынын биринчи ишембисинен тартып кийинки жылдын январынын акыркы жекшембисине чейин;
- кыргоолго - өтүп жаткан жылдын октябрынын биринчи ишембисинен декабрдын экинчи жекшембисине чейин;
- ондатрга - өтүп жаткан жылдын октябрынын биринчи ишембисинен декабрдын биринчи жекшембисине чейин;
- уларга - өтүп жаткан жылдын сентябрынын экинчи ишембисинен декабрынын биринчи жекшембисине чейин;
- эркек өрдөктөргө - март айындагы 15 күндүн ичинде (өтүп жаткан жылдын аба ырайынын шарттарына жараша жыл сайын аңчылыкты ачууну жана жабууну эске алуу менен).
Колдо багылган же жарым-жартылай эркиндикте багылган, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган жапайы жаныбарлар түрлөрүнө/түрчөлөрүнө аңчылык кылуу тиешелүү түрлөр/түрчөлөр үчүн ушул Эрежелерде белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлөт. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Карышкырга, чөөгө аң уулоо лимиттенбейт жана нормаланбайт, ошондой эле каргага, таанга, сагызганга, майнага (балчылык аймагында) жана чыйырчыкка аң уулоо чектелбейт. Жалпы белгиленген аңчылык мөөнөтүнүн мезгилинде аңчыларга берилүүчү белгилүү-бир аңчылык жерлеринде жапайы жаныбарларды олжолоого аңчылык пайдалануучуга берилүүчү жолдомолор болгондо белгиленген тартипте уруксат берилет. Аңчылык сезонунан тышкары учурда жапайы жаныбарлардын көрсөтүлгөн түрлөрүн/түрчөлөрүн олжолоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча гана аңчылыкты пайдалануучу тарабынан жөнгө салынат.
9. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, башка жапайы жана сайроочу куштарды олжолоого аларды алуунун өзгөчө белгиленген чектелүүсүндө гана жол берилет.
10. Жапайы жаныбарлардын биологиялык өсүү циклине, экологиялык кырдаалга, башка негизделген себептерге жараша аң пайдалануучу өз мергенчилик чарбасында белгиленген мөөнөттөрдүн 15 күндүк чектерине чейин аң уулоону кыскартуу тарабына өзгөртүшү мүмкүн.
11. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн спорттук ышкыбоздук аңчылыкка жумадагы "тынч күндөр" деп аталган эки күнү (ар бир шейшемби жана шаршемби) тыюу салынат.
12. Айрым учурларда, белгиленген аңчылык мөөнөттөргө карабастан жапайы жаныбарлардын популяциясынын абалына таянуу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын сунуштарын эске алуу менен республиканын айрым региондорунда же бүткүл аймагында бул же тигил жапайы жаныбарларга жана канаттууларга аңчылык кылууга убактылуу тыюу салууларды белгилей алат.
Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтому менен 12-п. расмий тилиндеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди.
13. Кыргыз Республикасынын аймагында жапайы жаныбарларга жана канаттууларга аңчылык кылуунун төмөнкү ыкмаларына уруксат берилген:
1) сайы жок дүрмөттүү аңчылык куралды колдонуу менен;
2) найы сайлуу дүрмөттүү аңчылык куралын колдонуу менен (уларды копшогондо, канаттууларга аңчылык кирбейт) уларга майда калибрдеги (5.6 мм жана/же 222, 223) найы сайлуу дүрмөттүү куралды колдонуу менен;
3) максималдуу өлчөмдөгү капканы бар колго жасалган жабдыктарды пайдалануу менен (3-номерге чейин);
4) аңчылык иттерди жана алгыр жырткыч куштарды пайдалануу менен;
5) ыргытуучу куралды (жаа, арбалет) колдонуу менен.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Кыргыз Республикасында вертолеттордон, автомототранспорт каражаттарынан жана кар үстүндө жүрүүчү чана менен аңчылык кылууга, жапайы жаныбарларды жана канаттууларды массалык олжолоо ыкмаларын колдонууга, аскер куралын, пневматикалык куралды (буга карганы, сагызганды, карлыгачты, майна чыйырчыктарын, сооруну атып алуу учурунда пайдалануу кирбейт), орлорду жана буктурма аткыч куралды, тузакты, капканды (3-номерден ашык эмес), жарык берүүчү приборлорду, жардыргыч заттарды, ууларды, клейди пайдаланууга тыюу салынган.
Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтому менен 14-п. расмий тилиндеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди.
4. Жапайы жаныбарларды олжолоонун лимиттери жана ченемдери
15. Жапайы жаныбарлардын лимиттелген түрлөрүн/түрчөлөрүн олжолоонун лимиттери жыл сайын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жана/же айрым мергенчилик жерлеринин деңгээлинде белгиленет.
Тигил же бул түрдөгү/түрчөдөгү жапайы жаныбарларды олжолоонун лимити пайдалануу максаттарына жана аны жүзөгө ашырган субъекттерге карабастан, жаратылыш чөйрөсүнөн олжолоого уруксат берилген жапайы жаныбарлардын тизмесин түзөт.
16. Жапайы жаныбарлардын түрлөрүн/түрчөлөрүн олжолоонун лимити жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын туруктуу жашоосун жана калыбына келип турушун камсыз кылган сандын (Аңчылык кылуу эрежелеринин 2-тиркемесине ылайык) пайызында жаратылыш чөйрөсүнөн жыл сайын алуунун экологиялык жактан коопсуз санын түзгөн Кыргыз Республикасынын аймагындагы жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу ченемдерине таянуу менен белгиленет.
Пайдалануу ченемдери жапайы жаныбарлардын популяциясынын жана алар жашаган чөйрөнүн абалынын начарлашы, жаныбарлардын тукум беришинин азайгандыгы жөнүндө маалыматтар, башка негиздүү критерийлер болгон учурда белгиленгенден аз өлчөмдө колдонулушу мүмкүн. Олжолоо лимиттери Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биологиялык-кыртыш таануу институту менен макулдашуу боюнча жана атайын комиссиянын чечимдеринин негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктары менен белгиленет.
17. Жапайы жаныбарларды олжолоого лимиттерди белгилөө жана аңчылыкты пайдалануучуларга квоталарды бөлүү маселелерин чечүү, ошондой эле аларды пайдалануунун натыйжаларына баа берүү атайын уруксат берүүчү комиссия тарабынан жүргүзүлөт, аны түзүүнү жана ишинин регламентин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт. Атайын уруксат берүүчү комиссия (мындан ары - комиссия) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эки өкүлүнөн, илимий мекемелердин, аңчылыкты пайдалануучулардын ассоциациясынын, экологиялык өкмөттүк эмес уюмдардын бирден өкүлүнөн турган беш адамдан кем эмес санында (негизги курам) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен 3 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Комиссиянын төрагасы, төрагасынын орун басары жана катчысы анын биринчи отурумунда комиссия мүчөлөрүнүн ичинен түзүлөт. Отурумда комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын милдеттерин төраганын орун басары аткарат.
Комиссиянын ар бир отурумуна катчы протокол түзөт. Протоколдорго отурумга катышып олтурган бардык комиссия мүчөлөрү кол коет. Эгерде комиссиянын отурумуна анын тизмедеги курамынын кеминде 2/3си катышса, ал чечим кабыл алууга укуктуу деп табылат. Комиссиянын чечими отурумга катышып жаткан мүчөлөрдүн санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштардын саны бирдей болгон учурда комиссиянын төрагасынын же аны алмаштырган адамдын пикири чечүүчү болуп саналат. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Лимиттерди белгилөө боюнча иштин жүрүшүндө комиссия жапайы жаныбарлардын популяциясынын саны жана абалынын критерийлери жөнүндө колдо болгон маалыматты карайт. Маалыматтар ишенимсиз болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мергенчилик жерлеринин аймагында жапайы жаныбарлардын санын жөнгө салуу боюнча кошумча иш-чараларды (текшерип эсепке алуу) караган чараларды көрүүгө укуктуу.
19. Жапайы жаныбарларды олжолоонун белгиленген лимиттерине жараша, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аңчылыкты пайдалануучуларга (алардын заявкалары боюнча) жапайы жаныбарларды олжолоонун (лимиттин толук көлөмүндө же анын бир бөлүгүндө) квотасын бөлөт.
20. Аңчылыкты пайдалануучуларга квоталарды бөлүү алар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда төмөнкүдөй документтерди бергенден кийин жүргүзүлөт:
а) белгиленген формадагы арыз;
б) ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү - жеке жак үчүн;
в) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү - юридикалык жак үчүн;
г) мурдагы сезондо жапайы жаныбарларды олжолоо жөнүндө отчет, мында атып алуу карточкаларынын, олжолоо барактарынын жана белгиленген тартипте катталган (күбөлөндүрүлгөн) аңчылык протоколдорунун көчүрмөлөрү.
21. Комиссия жапайы жаныбарларды жана канаттууларды олжолоо квотасын бөлүү же бөлүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди арыз берилген күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алат.
22. Аңчылыкты пайдалануучулар айрым мергенчилик кылуучу жерлерде белгиленген лимиттердин жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында белгиленген лимиттердин чектеринде гана квота ала алат.
23. Аңчылык сезону (мезгили) аяктагандан кийин 10 күн өткөнгө чейин аңчылыкты пайдалануучулар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жапайы жаныбарларды жана канаттууларды олжолоого бөлүнгөн квоталарды пайдалануу жөнүндө отчет берет (анын ичинде чет өлкөлүк аңчылар үчүн), мында аңчылыкка чейин жана андан кийин катталган атып алуу карточкаларынын, олжолоо барактарынын жана аңчылык протоколдорунун көчүрмөлөрү тиркелет.
24. Аңчылыкты пайдалануучулар жапайы жаныбарларды олжолоонун мөөнөттөрү жана эрежелерин бузгандык жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү башка укук бузуулардын фактыларын табуу жапайы жаныбарларды олжолоонун бөлүнгөн квотасынын күчүн убактылуу токтотуу жана кийин өтүп жаткан (үстүдөгү) сезонго (мезгилге) аңчылыкка квота берүүдөн баш тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн негиз болуп саналат.
25. Ушул Эрежелерде камтылган, белгиленген тартипте олжолоого уруксат берилген жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын тизмегине кирбеген жана/же аларды олжолоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылбаган жапайы жырткычтарды жана канаттууларды олжолоого тыюу салынат.
26. Олжолоого уруксат берилген жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын лимиттелбеген түрлөрү боюнча ушул Аңчылык кылуу эрежелеринин 3-тиркемесине ылайык аларды бир күндө жана/же сезондо олжолоонун ченемдери белгиленет же белгиленбейт.
27. Жамааттык аңчылыкты уюштурган учурда катышуучулардын сандык курамын аңчылыкты пайдалануучулар белгилейт.
28. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, башка жырткыч жана сайроочу куштарды олжолоого республиканын бүткүл аймагында аларды олжолоонун лимити (сандын 1%ынан ашык эмес) белгиленген учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча гана жол берилет.
29. Жапайы жаныбарларды олжолоонун лимиттерин жана ченемдерин белгилөө боюнча бардык чечимдердеги маалымат аңчылык жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
5. Бүтүндөй алганда аңчылыкка жана жапайы жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылыкка талаптар. Олжолоонун максаты
30. Кыргыз Республикасында жапайы жаныбарларга аңчылык "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Мыйзамга жана ушул Эрежелерге ылайык белгиленген тартипте аңчы же аңчыга теңештирилген адам болуп саналган жеке жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.
31. Аңчылыкты жүзөгө ашырууда аңчынын жанында мамлекеттик мергенчилик ырастамасы, жапайы жаныбарларды олжолоого жолдомолору жана атып алуу карточкалары жана, дүрмөттүү аңчылык куралын пайдаланган учурда, - аны сактоо, алып жүрүү жана пайдалануу укугуна ички иштер органдарынын уруксаты болууга тийиш.
Жапайы жаныбарларды олжолоого жолдомолор жана атып алуу карточкалары аңчыда мамлекеттик мергенчилик ырастамасы жана мамлекеттик алым өтүп жаткан жылга төлөнгөндүгү жөнүндө документ бар болгон учурда аймагында аңчылык жүзөгө ашырылып жаткан аңчылыкты пайдалануучу тарабынан аңчыга берилет. Жапайы жаныбарларды олжолоого жолдомолор аңчыга айрым мергенчилик кылуучу жерлерге баруу жана лимиттелбеген жапайы жаныбарларды олжолоо укугун берет. Жапайы жаныбарлардын лимиттелген түрлөрүн олжолоо үчүн аңчыда ага айрым мергенчилик кылуучу жерлерге барууга укук берген жолдомо жана жапайы жаныбарлардын колдо болгон лимиттелген түрүн олжолоого атып алуу карточкасы болушу талап кылынат. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык) 31-1. Бир жылдан ашык иштеп жаткан жана жыл бою егердик кайтаруу менен камсыз кылынган мергенчилик чарбаларында гана аңчылыкты пайдалануучулар үчүн аңчылык кылууга жол берет. Чет өлкөлүк аңчылар (чет өлкөлүк аңчыларга теңдештирилген) үчүн аңчылык турлары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (анын аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү маселелерди тейлеген ведомстволук бөлүмүнүн) кызмат адамынын милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт. Турдун жыйынтыгы боюнча аңчылык олжого аңчылык протоколдору жана олжо кагаздары толтурулат. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Жапайы жаныбарларды олжолоого жолдомолорунун жана атып алуу карточкаларынын, аңчылык протоколдорунун, олжо кагаздарынын жана Кыргыз Республикасына ташып киргизүүгө/чыгарууга керектелүүчү документтеринин бланктарын аңчылыкты пайдалануучу белгиленген тартипте алардын формаларын жана берүү тартибин белгилеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Аңчылыктын белгиленген мөөнөтүндө, ошондой эле андан тышкары мезгилде жапайы жаныбарларды илимий жана чарбалык максаттарда олжолоону (санитардык олжолоо, байыр алдыруу же көбөйтүү үчүн тирүү кармоо, эн басуу) аймагында бул иш-чараларды жүргүзүү пландаштырылып жаткан аңчылыкты пайдалануучу аркылуу гана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, илим мекемелеринин жана илим изилдөө уюмдарынын кызматкерлери жүргүзөт. Көрсөтүлгөн максаттарда жапайы жаныбарларды олжолоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин (макулдугунун) негизинде жүргүзүлөт. Санитардык атып алууну жүргүзүп жаткан жактар (органдар) жаныбарлардын ылаңдарынын белгилери жөнүндө билимге ээ болууга, тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык даярдыктан өтүүгө, тиешелүү жабдуусу жана атайын кийими болууга тийиш. Жапайы жаныбарларды олжолоону жүзөгө ашырып жаткан бардык жеке жактарда мамлекеттик мергенчилик ырастамасы болууга тийиш. Мында олжолонгон жапайы жаныбарлардын эти жана башка продукциясы, алардын абалын эске алуу менен, белгиленген тартипте тиешелүү иш-чараларды аткарып жаткан жактар (органдар) тарабынан пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын түрлөрүнүн/түрчөлөрүнүн дериваттарын жаратылыш чөйрөсүндө чогултуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана илимий органдардын кызматкерлери тарабынан гана жүргүзүлөт. Түрлөрдүн-түрчөлөрдүн дериваттарын чогултуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын чечими боюнча гана жүргүзүлөт. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Жаныбарларды илимий максаттарда олжолоо молекулярдык-генетикалык, физиологиялык жана морфологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле эн салуу үчүн ишке ашырылат.
35. Жапайы жаныбарларды санитардык кармоо ветеринардык-алдын алуу жана эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүү учурунда ишке ашырылат жана ылаңдаган, жабыркаган жана башка жаныбарлар үчүн коркунучту жана жаныбарларга, ошондой эле адамга жугуучу ылаңдын таралуу коркунучун билдирген башка жаныбарларды изилдөөгө жана популяциядан алып салууга (бракка чыгаруу) багытталган.
36. Эркиндикте же жарым-жартылай колго багуунун негизинде байыр алдыруу, ошондой эле көбөйтүү үчүн жапайы жаныбарлар тирүү кармалат.
37. Фотого, видеого, киного тартуу учурунда жаныбарлардын уясын, жашынуучу же калкалануучу жерин ачып көрсөтүүгө жана орун которуштурууга, ошондой эле алардын балдарынын артынан түшүүгө жана энесинен ажыратууга тыюу салынат.
6. Алгыр жырткыч куштар жана аңчы иттер менен аңчылыкка талаптар
38. Алгыр жырткыч куштар менен аңчылык кылуу укугу аларды пайдаланган адамда (аңчыда) мамлекеттик мергенчилик ырастамасы жана аңчылыкта алгыр жырткыч куштарды күтүүгө жана пайдаланууга берилүүчү идентификациялык карталар (паспорттор) жана аңчылыкты пайдалануучу берүүчү жапайы жаныбарларды олжолоого жолдомолор жана атуу карточкалары болгондо келип чыгат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Алгыр жырткыч куштарды кармап алуу жана аларды колдо багуу Кыргыз Республикасынын тиешелүү укуктук ченемдик актылары менен жөнгө салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык)
40. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
41. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
42. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
43. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
44. Аңчылык кылуу үчүн күтүлгөн жана колдонулган алгыр жырткыч куштардын эсебин жүргүзүүнү жана каттоону ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
1) Алгыр жырткыч куштардын эсебин жүргүзүү жана каттоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөр берилет:
а) ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилген алгыр жырткыч куштун паспортун тариздөө үчүн алгыр жырткыч куштун түрүн, анын жынысын, туулган жылын, капаста кармоо максатын, күтүлгөн болжолдуу жылдарын, алгыр жырткыч куштун алынган жерин жана ыкмасын, шакекчелеринин же микрочиптин, паспорттук маалыматтарынын жана арыз ээсинин дарегинин болушун көрсөтүү менен арызга ылайык форма боюнча жеке же юридикалык жактын арызы;
б) алгыр жырткыч кушту алуунун мыйзамдуулугун тастыктаган документтер (алууга документтердин, сатуу-сатып алуу келишиминин көчүрмөлөрү, квитанциялар жана (же) төлөм документтери) жана мурдагы ээсинин наамына таризделген алгыр жырткыч куштун паспорту;
в) мамлекеттик мергенчилик ырастаманын көчүрмөсү;
г) инсандын күбөлүгүнүн же жеке жактын паспортунун көчүрмөсү жана (же) юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.
2) Капаста басып чыгарылган жана туулган жери боюнча турган алгыр жырткыч куштун паспортторун тариздөө туулган календарлык жылы аяктаганга чейин, бирок алар менен аңчылык башталгандан кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
3) Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түрдүн (жынысынын, жашынын) ылайыктуулугун жана алгыр жырткыч куштун сүрөттөлүшүн алгыр жырткыч куштарды күтүү үчүн шарттардын бар экендиги жөнүндө белгилерин текшерет. Алгыр жырткыч куштарды колдо туруктуу багуу үчүн чечилбей турган шакекчелер же микрочиптер менен белги коюлат.
4) Алгыр жырткыч куштарда белги жок болгон учурларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган куштарга микрочиптер менен белги коюуну уюштурат.
5) Алгыр жырткыч куштарды каттоо ал мыйзамсыз алып коюуда же мыйзамсыз сатылып алынганда жүргүзүлбөйт.
6) Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилген алгыр жырткыч куштун паспорту арыз катталган учурдан тартып 10 (он) иш күндүн ичинде берилет.
7) Ар бир алгыр жырткыч кушка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилген форма боюнча алгыр жырткыч кушту эсепке алуу карточкасы толтурулат.
8) Алгыр жырткыч куш жана анын ээси жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилген форма боюнча алгыр жырткыч куштарды каттоо журналына жазылат.
9) Аңчылык үчүн катталган алгыр жырткыч куш пайдаланылган учурда мамлекеттик мергенчилик ырастамада же өзүнчө кошумча документте алгыр жырткыч куштун түрүн, шакекченин же микрочиптин номерин, паспорттун номерин көрсөтүү менен жазуу жазылат.
10) Алгыр жырткыч кушту жаратылышка кое берген учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен ээсинин жашаган жери боюнча алгыр жырткыч кушту кое берүү жөнүндө акт түзүлөт.
11) Алгыр жырткыч куш жоголгон жана (же) өлгөн учурда анын ээси 3 (үч) иш күндүн ичинде өз алдынча тиешелүү акт түзөт жана эсептен чыгаруу үчүн аны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
12) Ушул Эрежелерде белгиленген тартипте таризделбеген алгыр жырткыч куштар мыйзамсыз олжолонду деп эсептелет.
45. Аңчылык кылуу учурунда породасын (түрүн), жынысын, атын жана башка талап кылынган параметрлерин көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана тиешелүү ырастамасы (паспорту) бар үйрөтүлгөн аңчылык иттерди жана алгыр жырткыч куштарды пайдаланууга уруксат берилет. 6 айлык куракка жеткен бардык аңчылык иттер жана курагына карабастан бардык алгыр жырткыч куштар катталууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Алгыр жырткыч куштарды жана аңчылык иттерди үйрөтүүнү (таптоо) жана талаа сыноолорун ушул Эрежелерде белгиленген аңчылык кылуу мөөнөтүнөн эки жума мурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган, аңчылыкты пайдалануучу атайын бөлгөн участоктордо жүргүзүүгө уруксат берилет.
Таптоону жана талаа сыноолорун жүргүзүү шарттарын жана тартибин кинолог адистерди тартуу менен аңчылыкты пайдалануучу белгилейт.
47. Иттердин ээлери иттер мамлекеттик аңчылык фондуна келтирген зыяндын ордун толтуруу боюнча зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү. Республиканын аңчылык жерлеринде иттерди багуу жана пайдалануу эрежелерин бузууга жол берген ит ээлери мыйзамсыз аңчылык кылгандыгы үчүн администрациялык жоопкерчиликке тартылат жана мамлекеттик аңчылык фондуна келтирилген зыяндын ордун толтурат.
48. Аңчылык жерлеринде ээси жок жүргөн иттер, ошондой эле үйсүз мышыктар жолбун деп эсептелет жана кармап же атып алынат.
7. Коопсуздук ыкмаларына негизги талаптар
49. Куралды урунуу учурунда куралдын найын адамдар тарапка каратууга болбойт. Найлар жогору же төмөн карап турууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык)
50. Транспорттун ар кандай түрү менен бир жерден башка жерге барганда курал огу чыгарылган болууга жана кутуга же чехолго салынган болууга тийиш. Ат менен баратканда куралдын огу чыгарылган болууга жана найы жогору кароого тийиш. Автомобилден же транспорттун башка түрүнөн чыгып, аттан түшүп жатканда жана транспортко олтуруп же атка минип жатканда куралды башка адамга берүү зарыл.
51. Дарыядан, суудан, арыктан, суунун нугунан же тоскоолдуктан өтүп жатканда куралдын найы жогору карап турууга жана огу алып салынган болууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- аттын үстүнөн, автомобилден жана транспорттун башка түрлөрүнөн мылтык атууга;
- туманда, күүгүмдө, түнкүсүн жана бута ачык көрүнбөгөн учурда мылтык атууга.
53. Базада, убактылуу лагерди орнотууда, палаткада, токтоп тыныгууда жана маршрут боюнча баратканда өрткө каршы коопсуздук эрежелерин сактоо зарыл.
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерине 1-тиркеме
Олжолоого (жаратылыш чөйрөсүнөн алууга) уруксат берилген аңчылык жаныбарларынын түрлөрүнүн/түрчөлөрүнүн ТИЗМЕГИ (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык) Белгиленген тартипте кармап же атып алуу аркылуу олжолоого (жаратылыш чөйрөсүнөн алууга) уруксат берилген аңчылык жаныбарларына төмөндө аталган айбанаттардын жана канаттуулардын түрлөрү/түрчөлөрү кирет:
Жапайы айбанаттардын түрлөрү/түрчөлөрү
Тукум
түр/түрчө
орус тилиндеги аталыштары
кыргыз тилиндеги аталыштары
латын тилиндеги аталыштары
Сүт эмүүчүлөр классы
Тоо эчки
Козел сибирский горный (козерог)
Теке (эчки)
Capra sibirica
Элик
Косуля
Куран (элик)
Capreolius pygargus
Каман
Кабан
Каман (доңуз)
Sus scofa
Карышкыр
Шакал
Чөө
Canis aureus
Волк
Карышкыр
Canis lupus
Түлкү
Корсак
Корсак же кичине түлкү
Vulpes corsac
Лисица
Түлкү
Vulpes vulpes
Арыс чычкан
Солонгой
Солонгой
Mustella altaica
Ласка
Арыс чычкан
Mustella nivalis
Горностай
Чоң арыс чычкан
Mustella erminea
Хорь степной
Ак күсөн, Сасык күсөн
Mustella eversmanni
Норка американская
Америка суугундусу
Mustella vison
Кашкулак
Барсук
Кашкулак кадимки
Melfes meles
Мышыктар
Кошка степная
Ала мышык
Felis libyca
Тыйын чычкан
Белка
Тыйын чычкан
Sciurus vulgaris
Сары чычкан
Суслик желтый
Сары чычкан
Spermophilus fulvus
Суслик тяньшанский
Калдык сары чычкан
Spermophilus relictus
Суур
Сурок серый
Көк суур
Marmota baibacina
Сурок красный
Кызыл суур
Marmota caudata
Ондатра
Ондатра
Ондатра
Ondatra zibethicus
Коен
Заяц-толай
Коен
Lepus tolai
Канаттуулар классы
Каз
Баклан большой
Чоң кара каз
Phalocrocorax pygmacus
Ала каз
Пеганка
Ала каз
Tadorna tadorna
Огарь или атайка
Аныр
Tadorna ferruginea
Суу өрдөк
Кряква
Сонно, Кайырма өрдөк
Anas platyrchynchos
Утка серая
Борчун
Anas strepera
Шилохвость
Кыл куйрук өрдөк
Anas acuta
Свиязь
Чаар ала өрдөк
Anas penelopa
Широконоска
Жазы тумшук өрдөк
Anas clypeata
Чирок-трескунок
Тырсылдак өрдөк
Anas guerguedula
Чирок-свистунок
Чыйпылдак өрдөк
Anas crecca
Каздар
Гусь серый
Боз каз
Anser anser
Гусь хуменник
Түнкү казы
Anser fabalis
Кызылбаш чумкугуч өрдөк
Нырок красноносый
Кызылбаш чумкугуч өрдөк
Netta rufina
Чумкуч өрдөк
Нырок красноголовый (Чернеть красноголовая)
Боз кызыл баш чумкугуч өрдөк
Aythya ferina
Чернеть хохлатая
Чачылуу чумкугуч өрдөк
Aythya fuligula
Дыгдыгый өрдөк
Гоголь обыкновенный
Дыгдыгый өрдөк
Bucephala clangula
Кидик суксур
Крохаль большой
Суксур, чоң крохаль
Mergus merganser
Луток
Кидик суксур
Mergus albellus
Бөдөнө
Перепел
Бөдөнө
Conturnix conturnix
Чил
Куропатка бородатая (Чиль)
Чил
Perdix dauurica
Кекилик
Куропатка каменная (Кеклик)
Кекилик
Alectoris chukar
Улар
Улар Гималайский
Улар
Tetraogallus himalayensis
Кыргоол
Фазан
Кыргоол
Phasianus colchicus
Кашкалдак
Лысуха
Кашкалдак
Fulica atra
Тартар
Пастушок водяной (Курочка водяная)
Суу тартар
Rallus aguaticus
Ачачулдук
Тиркушка луговая
Ачачулдук
Glareola pratincola
Токой маарак
Тулес
Токой маарак
Pluvialis sguatarola
Ызгыт
Чибис
Ызгыт
Vanellus vanellus
Таш тинткич
Камнешарка
Таш тинткич
Arenaria interpres
Калкайдуу чулдук
Турухтан
Калкайдуу чулдук
Phylomachus pugnax
Улит
Травник
Кызыл бут суу чулдук
Tringa totanus
Улит большой
Чоң улит
Tringa nebularia
Тартак чулдук
Ходулочник
Тартак чулдук
Himantopus himantopus
Шибеге тумшук
Шилоклювка
Шибеге тумшук
Recurvirostra avosetta
Tоо чулдук
Кроншнеп большой
Чоң тоо чулдук
Numenius arguata
Вальдшнепы
Вальдшнеп
Вальдшнеп
Scolopax rusticola
Эчки маарак
Бекас
Эчки маарак
Gallinago gallinago
Дупель горный (бекас отшельник)
Эчки маарак
Capella solitaria
Гаршнеп
Гаршнеп
Гаршнеп
Lymnocryptes minimus
Көгүчкөн
Голубь сизый
Көгүчкөн
Columba livia
Голубь скалистый или каменный
Ак куйрук көгүчкөн
Columba rupestris
Клинтух
Токой көгүчкөнү
Columba oenas
Вяхирь или витютень
Алагуу
Columba palumbus
Бактек
Горлица обыкновенная
Бактек
Streptopelia turtur
Горлица большая или степная
Чоң бактек
Streptopelia oriental
Горлица кольчатая
Шакек моюн бактек
Streptopelia decaocto
Горлица малая или египетская
Мисче
Streptopelia senegalensi
Карга, сагызган, сору, чыйырчык (майна)
Ворона (серая, черная), грач, сорока, щурка (золотистая, зеленая) (в районе пасек), скворец майна
Карга (ала, кара) чаар карга, сагызган, сору (көк, жашыл) майна чыйырчыгы
Corvus (cornix, corone), Corvus frugilegus Pica pica Merops (apiaster, superciliosus) Actidotheres tristis
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерине 2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануунун ЧЕНЕМДЕРИ Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтому менен 2-тиркеменин расмий тилиндеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди.
Тукум
Жапайы жаныбарлардын түрлөрү
Пайдалануу ченеми
Түр/түрчө
Сүт эмүүчүлөр классы
Тоо эчки
Сибирь тоо эчкиси (эчки)
5-10%, анын ичинде чет өлкөлүк жактар үчүн - 4%га чейин
Элик
Элик
10-15%
Доңуз
Доңуз
10%га чейин
Чоң арыс чычкан же ак күсөн
Солонгой
15-20%
Ласка
15-20%
Чоң арыс чычкан
15-20%
Ак күсөн, сасык күсөн
15-20%
Америка суугундусу
30-40%
Мышык
Ала мышык
5-10%
Тыйын чычкан
Тыйын чычкан
60% жана андан ашык
Суур
Көк суур
20%га чейин
Кызыл суур
20%га чейин
Ондатра
Ондатра
15%га чейин
Канаттуулар классы
Улар
Улар
5-10%
Кыргоол
Кыргоол
15%га чейин
Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, башка алгыр жана сайраган куштарды олжолоого республиканын бүткүл аймагында аларды олжолоого жылдык лимитти белгилөө - алуунун көлөмүн чектөө ыкмасы менен жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин жалпы санынын 1%ынан ашпаган өлчөмдө гана жол берилет.
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерине 3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагында (Кызыл китепке киргизилген түрлөрдү/түрчөлөрдү кошпогондо) жапайы жаныбарларды жана канаттууларды олжолоонун ЧЕНЕМДЕРИ (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык)
Тукум
Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин аталыштары
Олжолоо ченеми
түр/түрчө
күндөгү
сезондук
Сүт эмүүчүлөр классы
Карышкырлар
Карышкыр, чөө
Чектелбейт
Түлкү
Корсак, түлкү
2
10
Кашкулак
Кашкулак
1
4
Сары чычкан
Сары чычкан (сары, тяньшандык)
Чектелбейт
Коен
Коен
3
20
Канаттуулар классы
Кара каз
Чоң кара каз
3
20
Ала каз
Ала каз
5
30
Аңыр
Суучул өрдөк
Соно, кайырма өрдөк
Борчун
Шилохвость
Чаар ала өрдөк
Жазы тумшук өрдөк
Тырсылдак өрдөк
Чыйпылдак өрдөк
Кызылбаш чумкургуч өрдөк
Кызылбаш чумкугуч өрдөк
Боз кызыл баш чумкуч өрдөк
Боз кызыл баш чумкугуч өрдөк
Чернеть хохлатая
Дыгдыгый өрдөк
Дыгдыгый өрдөк
Суксур
Чоң крохаль
Суксур
Чил
Чил
5
30
Кекилик
Кекилик
Бөдөнө
Бөдөнө
10
50
Кашкалдак
Кашкалдак
10
50
Тартар
Суу тартар
5
30
Ачачулдук
Ачачулдук
Токой маарак
Токой маарак
Ызгыт
Ызгыт
Таш тинткич
Таш тинткич
Калкайдуу чулдук
Калкайдуу чулдук
Улит
Кызыл бут суу чулдук
Чоң улит
Тартак чулдук
Тартак чулдук
Шибеге тумшук
Шибеге тумшук
Tоо чулдук
Чоң тоо чулдук
Вальдшнеп
Вальдшнеп
Эчки маарак
Эчки маарак
Эчки маарак
Гаршнеп
Гаршнеп
Көгүчкөндөр
Көгүчкөн
10
50
Ак куйрук көгүчкөн
Токой көгүчкөнү
Алагүү
Бактек
Бактек
Чоң бактек
Шакек моюн бактек
Мисче
Карга, сагызган, сору, майна чыйырчыгы
Карга (ала карга), карлыгач, сагызган, сору (көк, жашыл) (балчылык аймагында), (майна) майна чыйырчыгы
Чектелбейт
Каздар
Боз каз
2
6
Түнкү казы
Эскертүү: түрлөрдүн/түрчөлөрдүн топторунда көрсөтүлгөн жапайы айбанаттарды жана канаттууларды олжолоо ченемдери ар бир түрлөр/түрчөлөр боюнча өз-өзүнчө эмес алардын жыйындысында (суммасында) белгиленген;
- жолдомого олжолоого уруксат берилген чектөө киргизилбеген жапайы жаныбарлардын түрлөр/түрчөлөрдүн аттары жана сандары көрсөтүлөт (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын белгиленген ченемдеринде);
- атып алуу карточкаларына аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан белгиленген чектөөгө (бөлүнгөн квота) жараша аныкталган чектөө киргизилген жаныбарлардын түрлөр/түрчөлөрдүн олжолоого уруксат берилген саны көрсөтүлөт;
- жапайы жаныбарларды олжолоонун күндүк ченемине берилген жолдомонун колдонуу мөөнөтү 2 күнгө чейин күчүндө болот, мезгилдик олжолоонун ченеми - учурдагы аңчылык мезгил үчүн;
- март айындагы эркек өрдөктөрдү олжолоонун күндүк ченеми 3 башты түзөт, ал эми марттагы бүткүл аңчылык мезгили үчүн олжолоонун ченеми 15 башты түзөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 273 "Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна…Постановление · 03.06.2019 · № 273
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралы № 55 "Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.02.2025 · № 55
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аймагында алгыр жырткыч куштарды күтүү жана пайдалануу эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.06.2018 · № 264 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнунун № 383 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү…Постановление · 19.06.2017 · № 383 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндөЗакон · 13.03.2014 · № 41
- Жаныбарлар дүйнөсү тууралууЗакон · 17.06.1999 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралы № 55 "Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.02.2025 · № 55
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнунун № 383 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү…Постановление · 19.06.2017 · № 383 · Күчүн жоготкон