# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы № 347 “Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы № 347 “Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 137
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97380>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17952/edition/647952/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97380.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы № 347 “Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97380

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6 августундагы № 475 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 23-марты № 137 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы № 347 “Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында тапшыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан талапкерлерди сапаттуу тандоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы № 347 “Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жободо: 36-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: “Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен артыкчылык аттестатын алган талапкерлер өзү тандаган чет мамлекеттин жогорку кесиптик билим берүү аскер мекемесине берген арызына ылайык Кыргыз Республикасында сынак тапшырбастан өтүү укугуна ээ.”; 77-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: “- Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин бүтүрүүчүлөрү (артыкчылык аттестатын алгандардан тышкары).”.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
