Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы № 347 “Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 6 августа 2025 года № 475 "Об утверждении Положения о порядке прохождения конкурсного отбора для обучения в зарубежных военно-образовательных организациях"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-08-06.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6 августундагы № 475 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 23-марты № 137 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы № 347 “Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында тапшыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан талапкерлерди сапаттуу тандоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы № 347 “Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жободо: 36-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: “Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен артыкчылык аттестатын алган талапкерлер өзү тандаган чет мамлекеттин жогорку кесиптик билим берүү аскер мекемесине берген арызына ылайык Кыргыз Республикасында сынак тапшырбастан өтүү укугуна ээ.”; 77-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: “- Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин бүтүрүүчүлөрү (артыкчылык аттестатын алгандардан тышкары).”.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы № 347 токтому менен бекитилген "Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө" ЖобосуПоложение · 30.06.2011 · № 347
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 475 "Чет мамлекеттик аскердик-билим берүү уюмдарында билим алуу үчүн конкурстук тандоодон өтүү тартиби…Постановление · 06.08.2025 · № 475
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 475 "Чет мамлекеттик аскердик-билим берүү уюмдарында билим алуу үчүн конкурстук тандоодон өтүү тартиби…Постановление · 06.08.2025 · № 475
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы №347 "Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 30.06.2011 · № 347 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон