# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-мартындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-июлундагы № 407 "Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-мартындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-июлундагы № 407 "Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.11.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97375>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17947/edition/1046381/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97375.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.11.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-мартындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-июлундагы № 407 "Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (26.11.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97375

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ПОСТАНОВЛЕНИЕ 2015-жылдын 20-марты № 133 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-июлундагы № 407 "Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына жоголгон документтерин тариздөөгө көмөк көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-июлундагы № 407 "Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жободо:

- 5-пункттун "б" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"б) келген мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген, арыз берүүчүнүн паспортунун жоголгондугу боюнча кайрылган фактыны тастыктоочу документ (протокол, маалымкат жана ж.б.). Ар кандай жагдайларга байланыштуу документти (маалымкат, талон-билдирүү, протокол жана ж.б.) берүүгө мүмкүн болбогон учурда арыз берүүчү паспортунун жоголгондугунун бардык жагдайларын жана себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кеңири түшүндүрмө берет;".

2. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан компетенттүү органдардан адамдын Кыргыз Республикасынын жараны экендиги тууралуу тастыктама жана № 1 формадагы арыздын көчүрмөсү алынган учурда, мурда берилген жалпы жарандык паспорт жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-card) жараксыз деп эсептеле тургандыгы белгиленсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
