# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-мартындагы № 119 "2015-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-мартындагы № 119 "2015-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.03.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97368>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17940/edition/1145326/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97368.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-мартындагы № 119 "2015-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому (13.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97368

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 13-марты № 119 2015-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын газ тармагын жөнгө салуунун ачыктыгын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 270-беренесинин 4-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

Тиркеме 2015-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ЧЕНЕМДЕРИ

Жоготуулардын аталышы

2015-жыл

Газ түтүктөрүндө жаратылыш газынын жоготуулары

30,106 млн. м3

11,1%

Эскертүү. млн. м3 - газ түтүктөрүндө жаратылыш газынын жоготууларын ченөө бирдиги; % - газ түтүктөрүндө жаратылыш газынын жоготууларынын пайызы.
