Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 13-марты № 118 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомунун редакциясына ылайык) Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 17 "Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пунктта:
биринчи абзацындагы "2011-жылдын 1-майынан баштап" деген цифралар жана сөздөр алып салынсын; пункт төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: "- спорт боюнча инструкторлордун кызматтык маяналары 6-тиркемеге ылайык.";
- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
4-пунктунун мамлекеттик тилдеги тексти төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Олимпиялык резервдин республикалык окуу жайына спортсмендерди даярдагандыгы жана өткөрүп бергендиги үчүн машыктыруучуга ошол спортсмен окуу жайда окуган бүткүл мезгилде ар бир спортсмен үчүн кызматтык маянасына 10 пайызга чейин өлчөмүндө үстөк акы төлөнөт. Республикалык олимпиялык даярдоо борборуна өткөрүп берген ар бир спортсмен үчүн машыктыруучунун кызматтык маянасына 20 пайыз үстөк акы төлөнөт.";
- токтом ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 6-тиркеме менен толукталсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине ылайык ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Тиркеме "6-тиркеме Спорт боюнча инструкторлордун КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ
№
Кызмат орунунун аталышы
Кызматтык маяна (сом)
1
Спорт боюнча инструктор
6000
Эскерүү: Спорт боюнча инструкторлорго иштеген жылдары үчүн үстөктүн өлчөмү дене тарбия жана спорт мекемелеринин администрациялык-башкаруу персоналынын кызматтык маяналарына карата иштеген жылдары үчүн үстөктүн бекитилген өлчөмүнө ылайык, ал эми бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда иштегендиги үчүн - ченемдик укуктук актыларга ылайык белгиленет.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 17 "Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2011 · № 17 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 "Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары…Постановление · 30.03.2022 · № 185 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 17 "Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2011 · № 17 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон