# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-мартындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-мартындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97365>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17937/edition/776983/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97365.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-мартындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (28.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97365

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 126 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 12-марты № 116 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому менен каралган тартипте аныкталат.".

2. Ушул токтом 2015-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

3. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
