# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-мартындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-мартындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 10.03.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97360>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17932/edition/647926/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97360.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-мартындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97360

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 10-марты № 106 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө маселени жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө жободо:

- бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Премьер-министринин Аппараты" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Өкмөтүнүн Аппараты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө маселени кароо үчүн документтердин тизмеги төмөнкүлөрдү камтыйт:

- ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана фонддордун, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жамааттарын сыйлоо жөнүндө өтүнүч катты;

- сыйлануучу адамга сунуштама, анын эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөсүн;

- чогулуштардын протоколдорун, коллегиалдуу органдардын сыйлоого көрсөтүү жөнүндө чечимин (коллегиялуу орган жок болсо - жетекчинин чечими);

- ушул Жобонун тиркемесинде белгиленген форма боюнча сыйлоо баракчасын.";

- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9. Ушул Жобонун 6-пунктунда аталган документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан каралат. Комиссия киргизилген документтерди карап, оң чечим берген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн мамлекеттик кызмат жана кадрлар сектору буйруктун долбоорун даярдайт жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна киргизет. Комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоодон баш тарткан учурда сыйлыкка кайталап көрсөтүү баш тартылган күндөн бир жыл өткөндөн кийин гана киргизилиши мүмкүн. Комиссиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет. Комиссиянын ишин уюштуруучулук камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрлар бөлүмүнүн мамлекеттик кызмат жана кадрлар сектору тарабынан ишке ашырылат.";

- 13-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын мамлекеттик саясат жана региондук өнүктүрүү башкармалыгы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн мамлекеттик кызмат жана кадрлар сектору" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
