Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 10-марты № 102 "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене. "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1994-ж., № 3, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Преамбула күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 8-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Шаар куруу ишинин түрлөрүн башкаруу жана контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.".
3. 12-статьяда:
үчүнчү абзацтагы "мамлекеттик бийлик органдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу органдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төртүнчү абзацтагы "атайын Мыйзам актылары жана нормативдик актылар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 13-статьянын 5-пунктунун үчүнчү абзацы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары" деген сөздөрдөн мурун "жер мамилелери чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 14-статьянын экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү алып салынсын.
6. 16-статьянын 4-бөлүгүндөгү "Шаар куруу комплекси жөнүндө Жобо" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 26-статьянын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
8. 36-статьянын 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
9. 38-статьянын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте долбоорлоо ченемдеринен негизделген четтөөгө жол берилет.".
10. 41-статьяда:
үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын; төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жеке турак үйлөрдөн тышкары, курулушу бүткөн объекттерди пайдаланууга киргизүүнүн шайкештигине баа берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат."; бешинчи абзацтагы "курууга уруксат берген ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр алып салынсын.
11. 46-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"46-статья. Шаар куруу-архитектура ишиндеги укук бузуулар үчүн жоопкерчилик Шаар куруу-архитектура ишинин субъекттерине ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандыгы үчүн административдик же жазык жоопкерчилиги каралат.".
12. 74-статьянын бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Шаар куруу жана архитектура жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1372-XII
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон