# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97351>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17923/edition/973907/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97351.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (02.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97351

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 2-марты № 89 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ченөө каражаттарынын аталыштарын, текшерүү мөөнөттөрүн жана мезгилдүүлүгүн тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу маралары тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "метрология боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "метрология боюнча улуттук орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Ченөө каражаттарын текшерүү - эксперименттин негизинде аныкталуучу метрологиялык мүнөздөмөлөргө ылайык ченөө каражаттарынын колдонууга жарактуулугун белгилөө жана алардын техникалык регламенттерде белгиленген же өндүрүүчү-заводдун коштоочу документтеринде көрсөтүлгөн милдеттүү талаптарга шайкештигин ырастоо.";

- 9-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;

"9-1. "Сыноо жана калибрлөө лабораторияларында метрологиялык байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулуучу ченөө каражаттары калибрленет."; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишеним эн тамгаларын даярдоо, колдонуу жана сактоо тартиби жөнүндө жободо:

- бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "метрология боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "метрология боюнча улуттук орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

Тиркеме "3-тиркеме Текшерүүгө жаткан ченөө каражаттарынын тизмеги жана текшерүүнүн мезгилдүүлүгү

№

Ченөө каражаттарынын аталышы

Текшерүүнүн мезгилдүүлүгү

Эскертүү

1. Заттардын келишин, чыгышын, деңгээлин, көлөмүн өлчөө

1

Сүт, вино жана виноматериалдар үчүн автоцистерналар

1 жылда бир жолу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасында күйүүчү-майлоочу материалдарды эсепке алуу, кабыл алуу, сактоо жана сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык

2

Мунай өнүмдөрү үчүн автоцистерналар

1 жылда бир жолу

3

Отун жана май таркатуучу колонкалар

Жарым жылда бир жолу

4

Мунай, мунай өнүмдөрү үчүн эсептегичтер

1 жылда бир ЖОЛУ

5

Мунай өнүмдөрү үчүн резервуарлар

5 жылда бир жолу

6

Суюктуктун жана газдын чыгым ченегичтерин текшерүүчү түзүлүштөр

1 жылда бир жолу

7

Ротаметрлер

1 жылда бир жолу

8

Өлчөмдөр:

1 жылда бир жолу

пипеткалык

поршендик

1 жылда бир жолу

9

Сүт өлчөгүчтөр

1 жылда бир жолу

10

Суусундуктарды сатуу үчүн чендер (айнектен)

Өндүрүштөн чыкканда

11

Суюк азыктардын дозаторлору, анын ичинде соода автоматтары

Жарым жылда бир жолу

12

Спирт жана башка өнөр жай суюктуктары жана азыктар үчүн эсептегичтер

1 жылда бир жолу

13

Аспираторлор

1 жылда бир жолу

14

Деңгээлдин сигнализаторлору (автоматтык)

1 жылда бир жолу

15

Суюктукту сатуу үчүн чендер (металлдан)

1 жылда бир жолу

16

Сыйымдуулук чендери (айнектен)

Өндүрүштөн чыкканда

17

Көчмө чендер

1 жылда бир жолу

18

1 жана 2-класстагы техникалык чендер (стационардык)

2 жылда бир жолу

19

Өнөр жай суу эсептегичтери

1 жылда бир жолу

20

Тиричиликтик суу эсептегичтери

Паспорттогу маалыматка ылайык

21

Өнөр жай жылуулук эсептегичтери

1 жылда бир жолу

22

Тиричиликтик жылуулук эсептегичтери

Паспорттогу маалыматка ылайык

23

Өнөр жай газ эсептегичтери

1 жылда бир жолу

24

Тиричиликтик газ эсептегичтери

Паспорттогу маалыматка ылайык

25

Түтүгү жука суу агызгычтар:

- тартылган каналда суунун агымынын режими - жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суу агызгыч аркылуу суунун агымы ташыбайт, бьефтин жогору жагында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, суу эсептегич курулмалар бети бетон менен коюлган, нугу топурак болгон каналда курулат

5 жылда бир жолу,

3 жылда бир жолу

- тартылган каналда суунун агымынын режими - жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суу агызгыч аркылуу суунун агымы ташыбайт, бирок каналдын бьефинин төмөнкү жагындагы шартка жараша (тунма, чөп басып кеткен) кийин алар суунун алдында калышы мүмкүн, бьефтин жогору жагында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, суу эсептегич курулмалар бети бетон менен коюлган, нугу топурак болгон каналда курулат

3 жылда бир жолу

2 жылда бир жолу

26

Түп босоголуу суу агызгычтар:

- тартылган каналда суунун агымынын режими - жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суунун салыштырмалуу ташып кетиши 0,75тен аз же ага барабар, бьефтин жогору жагында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, суу эсептегич курулмалар бети бетон менен коюлган, нугу топурак болгон каналда курулат

4 жылда бир жолу

3 жылда бир жолу

- тартылган каналда суунун агымынын режими - жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суунун салыштырмалуу ташып кетиши 0,75тен аз же ага барабар, бирок каналдын бьефинин төмөнкү жагындагы шартка жараша (тунма, чөп басып кеткен) кийин алар 0,75тен жогору болушу мүмкүн, бьефтин жогору жагында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, суу эсептегич курулмалар бети бетон менен коюлган, нугу топурак болгон каналда курулат

3 жылда бир жолу

2 жылда бир жолу

27

Чыгым ченегич ноолор:

- тартылган каналда суунун агымынын режими - жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суунун салыштырмалуу ташып кетиши 0,75тен аз же ага барабар, бьефтин жогору жагында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, суу эсептегич курулмалар бети бетон менен коюлган, нугу топурак болгон каналда курулат

3 жылда бир жолу

2 жылда бир жолу

28

Атайын азайтуучу түзүлүштөрү бар чыгым эсептегичтер

- бьефтин жогору жагында суунун агымынын режими - жай, кошумча коюлган жана жалгаштырылган өткөргүчтөр аркылуу суунун агымы суунун астынан өтөт, курулманын айланасында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт

3 жылда бир жолу

29

"Белгиленген нук" тибиндеги чыгым эсептегичтер:

- каналдагы суунун агымынын режими - тегиз жайылган, курулманын чектеринде суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, бьефтин төмөн жагында тирөөч жок, суу эсептегич курулмалар бети бетон менен коюлган, нугу топурак болгон каналда курулат

5 жылда бир жолу

3 жылда бир жолу

- каналдагы суунун агымынын режими - тегиз жайылган, курулманын чектеринде суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, бьефтин төмөн жагында тирөөч жок, бирок сууну чыгарган каналдын иштөө шартына жараша (тунма, чөп басып кеткен) болот, суу эсептегич курулмалар бети бетон менен коюлган, нугу топурак болгон каналда курулат

3 жылда бир жолу

2 жылда бир жолу

30

Кол, табак анемометрлери (бардык типтери)

1 жылда бир жолу

31

Индукциялык анемометрлер (бардык типтери)

1 жылда бир жолу

32

Канатчалуу анемометрлер (бардык типтери)

1 жылда бир жолу

33

Метроштоктор

1 жылда бир жолу

34

Лоту бар рулеткалар

1 жылда бир жолу

35

Узундуктун штрихтүү, анын ичинде брустуу чендери

1 жылда бир жолу

36

Шахта интерферометрлери

Жарым жылда бир жолу

37

Деңгээл чендери

1 жылда бир жолу

38

Тери ченөөчү машинелер (тери калыптын жана үлгүсүнүн аянтын ченөө үчүн машинелер)

1 жылда бир жолу

39

Тери ченөөчү калыптар

1 жылда бир жолу

40

Кездеменин узундугун ченөөчү машинелер жана үстөлдөр

1 жылда бир жолу

41

Контролдук элек

1 жылда бир жолу

42

Контролдук жол калыптар

1 жылда бир жолу

43

Теодолиттер

1 жылда бир жолу

44

Камералуу жана камерасыз диафрагмалар

1 жылда бир жолу

45

Суу агымынын ылдамдыгын ченөөчүлөр

1 жылда бир жолу

46

Суу агымынын ылдамдыгын ченөөчүнү текшергич түзүлүштөр

2 жылда бир жолу

47

Суунун чыгым ченегичтери үчүн текшерүүчү түзүлүштөр

Паспорттогу маалыматка ылайык

2. Механикалык чоңдуктарды ченөө

48

Илээшкектин деформациясын ченегич

1 жылда бир жолу

49

Маятниктүү копрлар

1 жылда бир жолу

50

Салмак ченөөчү алеттер, түзүлүштөр

1 жылда бир жолу

51

Гирялар

1 жылда бир жолу

52

Бардык типтеги динамометрлер

1 жылда бир жолу

53

Динамометрлик ачкычтар

1 жылда бир жолу

54

Сыноочу машинелер

1 жылда бир жолу

55

Гидравликалык пресстер

1 жылда бир жолу

56

Бардык типтеги катуулукту ченөө алеттери

1 жылда бир жолу

57

Пуркалар

1 жылда бир жолу

58

Секунда ченегичтер

1 жылда бир жолу

59

Саат, механикалык, электр, санарип тахметрлер (бардык типтери)

1 жылда бир жолу

60

Бардык типтеги спидометрлер жана тахографтар

2 жылда бир жолу

61

Шахталык көтөргүчтөрдүн жана локомотивдердин ылдамдыгын ченегичтер

1 жылда бир жолу

62

Таксометрлер

1 жылда бир жолу

63

Бурчтук өткөрүүнүн датчиктери

1 жылда бир жолу

3. Басымды, вакуумду ченөө

64

Суюктуктар, буу жана газ үчүн чыгым ченегичтер жана дифманометрлер (анын ичинде экинчилик алеттер)

Ченөө каражаттарын текшерүү мөөнөтүндө

65

Шахтанын компрессометрлери жана тягмерлери

2 жылда бир жолу

66

Көрсөтүүчү, өзү жазуучу жана аралыктык манометрлер (бардык типтери)

1 жылда бир жолу

67

Сфигмоманометрлер, тонметрлер

1 жылда бир жолу

68

Бардык типтеги жүк поршендүү манометрлер жана мановакуумметрлер

2 жылда бир жолу

69

Микроманометрлер

2 жылда бир жолу

70

Эңкейиш түтүктүү микроманометрлер

1 жылда бир жолу

71

Деформациялык манометрлер, вакуумметрлер жана мановакуумметрлер

1 жылда бир жолу

72

Суюктук манметрлери, вакуумметрлер жана мановакуумметрлер

2 жылда бир жолу

73

Төмөнкү абсолюттук басымдагы манметрлер

1 жылда бир жолу

74

"Сапфир", "Метран", ИПДЦ тибиндеги басым өзгөрткүчтөр

1 жылда бир жолу

75

Текшерүү үчүн алып жүрүүчү алеттер дифманметрлер - чыгым ченегичтер

1 жылда бир жолу

76

Барметр-анероид

1 жылда бир жолу

77

Ашыкча басым датчиктери

Паспорттук маалыматтарга ылайык

4. Заттардын физикалык-химиялык курамын жана касиеттерин ченөө

78

Металл спирт ченегичтер

1 жылда бир жолу

79

Мунай өнүмдөрүнүн күйүү температурасын аныктоо үчүн алеттер

2 жылда бир жолу

80

рН-метрлердин себили (бардык типтеги)

1 жылда бир жолу

81

рН-метрлерге, нитратмерлерге жана анализаторлорго электроддор

1 жылда бир жолу

82

Тыгыздык ченегичтер

1 жылда бир жолу

83

Май ченегичтер

Өндүрүштөн чыкканда

84

Вольтамперметрдик полярографтар жана анализаторлор

1 жылда бир жолу

85

Кондуктметрлер

1 жылда бир жолу

86

ГАИ, Инфралит, ГИАМ жана ушул сыяктуу автомобилдер иштеп чыккан газдын анализаторлору

Жарым жылда бир жолу

87

АН-7529, ГОУ тибиндеги лабораториялык анализаторлор

1 жылда бир жолу

88

Уулуу, күйүүчү, жардырылуучу газдардын жана буулардын, дем менен чыккан абадагы этанол бууларынын концентрациясынын сигнализаторлору жана анализаторлору

Жарым жылда бир жолу

89

УГ-2 тибиндеги газанализаторго сынам алуучу түзүлүштөр

2 жылда бир жолу

90

ЭТХ-1 тибиндеги термохимиялык эксплозиметрлер (көчмө)

Жарым жылда бир жолу

91

Түтүн ченегичтер

1 жылда бир жолу

92

Абада чаңдын концентрациясын ченегичтер

1 жылда бир жолу

93

Электрохимикалык сенсорлуу уулуу газдын сигнализаторлору жана газанализаторлору

3 айда бир жолу

94

Хроматографтар

1 жылда бир жолу

95

Бардык типтеги материалдардын жана каражаттардын нымдуулугун ченегичтер

1 жылда бир жолу

96

Бардык типтеги ион ченегичтер

1 жылда бир жолу

97

Бардык типтеги ареметрлер

1 жылда бир жолу

98

Шарттуу илээшкектин вискозиметрлери

1 жылда бир жолу

99

Капиллярдуу вискозиметрлер

2 жылда бир жолу

100

Заттардын жана материалдардын курамын 1 жана касиетин текшерүүчү анализаторлор

1 жылда бир жолу

101

Биохимиялык анализаторлор

1 жылда бир жолу

102

Коагулметрлер

1 жылда бир жолу

103

Иммуноферменттик анализаторлор

1 жылда бир жолу

104

Гематологиялык анализаторлор

1 жылда бир жолу

105

Медициналык багыттагы глюкметрлер

1 жылда бир жолу

106

Кондуктметрлик анапизаторлор

1 жылда бир жолу

5. Жылуулук-физикалык жана температуралык ченөөлөр

107

Температуралык лампалар

1 жылда бир жолу

108

Термоэлектрдик температураны өзгөргүчтөр, термобуулар, каршылык термометрлери

1 жылда бир жолу

109

Газ калориметрлери

Жарым жылда бир жолу

110

Суюк жана катуу отун үчүн күйгүзүү калориметрлер (В-08М, В-08МА тибиндеги)

1 жылда бир жолу

111

Медициналык термометрлер

Өндүрүштөн чыкканда

112

Метастатикадан башка лабораториялык айнек термметрлер

2 жылда бир жолу

113

Метастатикалык термметрлер

2 жылда бир жолу

114

Айнек суюктук термметрлери

2 жылда бир жолу

115

Бардык типтеги термметрлер (суюктуктан башка), термоэлектрдик өзгөрткүчтөр, анын ичинде экинчилик алеттер

1 жылда бир жолу

116

УВПТ, УТТ жана окшош түзүлүштөр

1 жылда бир жолу

117

Оптикалык пирметрлер

1 жылда бир жолу

118

Радиациялык пирметрлер

1 жылда бир жолу

119

Психрметрлер

1 жылда бир жолу

120

Психрметрикалык гигрметр (ВИТ-1, ВИТ-2 тибиндеги)

2 жылда бир жолу

6. Электр жана магниттик чоңдуктарды туруктуу жана өзгөрүү тогунда ченөө

121

Электр энергиянын үч фазалуу индукциялык жана электрондук эсептегичтери

4 жылда бир жолу

122

Электр энергиянын бир фазалуу индукциялык жана электрондук эсептегичтери

8 жылда бир жолу

123

Электр энергиясынын микропроцессордук программаланган эсептегичтери

Чыгаруучу-завод берген паспорттогу маалыматка ылайык

124

а) 1000 В чейинки токтун жана чыналуунун трансформаторлору

Электр энергиянын бир фазалуу жана үч фазалуу эсептегичтерин текшерүү мөөнөттөрүнө ылайык

б) 1000 В жогору токтун жана чыңалуунун трансформаторлору

Оңдолгондон кийин жана өндүрүүдөн чыгаруу учурунда

125

Обочонун электрдин бекемдигин жана жердетүүнү сыноо үчүн алеттер

1 жылда бир жолу

126

Туруктуу жана алмашма талаанын магниттик индукциясын ченегичтер

1 жылда бир жолу

127

Токтун обочодон өтүүсүн жана жоготуу бурчунун тангенсин өлчөө жана ченөө

1 жылда бир жолу

128

Ф1-2, Ф1-4 жана ушул сыяктуу типтеги фазанын калибраторлору

1 жылда бир жолу

129

Туруктуу жана. туруктуу-алмашма тогунун вольтметрлери

1 жылда бир жолу

1,5 жана андан төмөн тактык классындагы щиттеги алеттерден тышкары

130

Амперметрлер

1 жылда бир жолу

1,5 жана андан төмөн тактык классындагы щиттеги алеттерден тышкары

131

Туруктуу жана туруктуу-алмашма тогунун амперметрлери

1 жылда бир жолу

1,5 жана андан төмөн тактык классындагы щиттеги алеттерден тышкары

132

Туруктуу жана туруктуу-алмашма тогунун ваттметрлери

1 жылда бир жолу

1,5 жана андан төмөн тактык классындагы щиттеги алеттерден тышкары

133

Киловольтметрлер

1 жылда бир жолу

1,5 жана андан төмөн тактык классындагы щиттеги алеттерден тышкары

134

Фазаметрлер

1 жылда бир жолу

135

Каршылык магазиндери

1 жылда бир жолу

136

Идиштин чени жана магазиндин сыйымдуулугу

1 жылда бир жолу

137

Токтун жана чыңалуунун эталондук ченөө трансформаторлору

8 жылда бир жолу

138

Электр энергиянын эталондук эсептегичтери

2 жылда бир жолу

7. Радиотехникалык жана радиоэлектрондук ченегичтер

139

Электр талаасынын чыңалуусун ченөө үчүн алеттер

1 жылда бир жолу

140

Энергиянын агымынын тыгыздыгын ченегичтер

1 жылда бир жолу

141

Кубаттуулукту ченегич жана ченөөчү бөрктөр

1 жылда бир жолу

142

Бошоңдукту өлчөөчү түзүлүштөр

1 жылда бир жолу

143

Аттенюаторлор

1 жылда бир жолу

144

Вольтметрлер

1 жылда бир жолу

1,5 жана андан төмөн тактык классындагы щиттеги алеттерден тышкары

145

Модуляцияны өлчөгүчтөр (амплитудалык жана жыштыктык)

1 жылда бир жолу

146

Импульстук генераторлорду текшерүү үчүн түзүлүштөр

1 жылда бир жолу

147

Тоскоолдуктардын ченегичтерин текшерүү үчүн түзүлүштөр

1 жылда бир жолу

148

Талаанын чыңалуусун ченегичтерин текшерүү үчүн түзүлүштөр

1 жылда бир жолу

149

Ченөө линияларын текшерүү жана токтоп турган толкундарды ченөө үчүн башка алеттерди текшерүү үчүн ченегичтер жана алеттер

1 жылда бир жолу

150

Сапаттуулуктун өлчөмдөрү жана ченегичтери

1 жылда бир жолу

151

Вольтметрлерди, үндүү, жогорку жана эң жогорку жыштыктагы генераторлорду жана башка жогорку жыштыктагы ченөө алеттерин текшерүү үчүн алеттер жана түзүлүштөр

1 жылда бир жолу

152

Электрстатикалык талаалардын деңгээлдерин ченегичтер

1 жылда бир жолу

153

ВИЗИР жана ушуга окшогон типтеги видеого тарткычы менен транспорт каражатынын ылдамдыгын ченегичтер

1 жылда бир жолу

8. Убакытты жана жыштыкты ченөө

154

ЧI-50, ЧI-69, СЧВ-74 тибиндеги жана ушул сыяктуу жыштык чендери

1 жылда бир жолу

155

Ч4-13 типтеги жана ушул сыяктуу убакыт жана жыштыктын эталондуу сигналын кабыл алгычтары

1 жылда бир жолу

156

Ч3-64, Ч3-65, Ч3-66, Ч3-70 типтеги жана ушул сыяктуу жыштыктын өзгөрткүчтөрү, жыштыктын синтезаторлору, жыштыкты бөлгүчтөр жана көбөйткүчтөр

1 жылда бир жолу

157

Механикалык жана электр секунда ченегичтер, хронометрлер, хроноскоптор жана убакыттын аралыгын ченөөчү алеттер жана түзүлүштөр

1 жылда бир жолу

158

АУПМЧ, АКПЧ-1 жана башка типтеги жыштык ченөөчү түзүлүштөр

1 жылда бир жолу

159

Туташтыруу узактыгын ченөө тутуму

1 жылда бир жолу

9. Оптикалык жана оптика-физикалык ченөөлөр

160

Диоптриметрлер

1 жылда бир жолу

161

Поляриметрлер

1 жылда бир жолу

162

Рефрактметрлер

1 жылда бир жолу

163

Фотоэлектрколориметрлер

1 жылда бир жолу

164

Спектрофотметрлер

1 жылда бир жолу

165

Газ жана суюктук үчүн лабораториялык интерферметрлер

Жарым жылда бир жолу

166

Көз айнектердин сынак топтому

Өндүрүштөн чыкканда

167

Люксметрлер

1 жылда бир жолу

168

Кант ченегичтер

1 жылда бир жолу

169

Нефелметрлер

1 жылда бир жолу

10. Виброакустикалык ченөөлөр

170

Ызы-чуу ченегичтери

1 жылда бир жолу

171

Ченөөчү микрофондор

1 жылда бир жолу

172

Октава, третьеоктава, ичке чиймелүү электр чыпкалар

1 жылда бир жолу

173

Акустикалык калибраторлор

1 жылда бир жолу

174

Вибрметр жана вибрметрдик өлчөгүчтөртөр

1 жылда бир жолу

11. Иондоштуруучу нурлануунун жана ядролук константтын мүнөздөмөлөрүн ченөө

175

Иондоштуруучу нурлануунун дозиметрлери

1 жылда бир жолу

176

Жеке дозиметрлер

1 жылда бир жолу

177

Иондоштуруучу нурланууну ченөө үчүн универсалдык алеттер

1 жылда бир жолу

178

Рентгенметрлер

1 жылда бир жолу

179

Радиметрлер

1 жылда бир жолу

180

Лазердик дозиметрлер

1 жылда бир жолу

181

Селектикасыз радиметрлер

1 жылда бир жолу

12. Медициналык багыттагы ченөө каражаттары

182

Кардиографтар

1 жылда бир жолу

183

УЖЖ

1 жылда бир жолу

184

Электрофорез

1 жылда бир жолу

185

Төмөн жыштыктагы терапевттик аппараттар

1 жылда бир жолу

13. Бузбаган контролдоо үчүн ченөө каражаттары

186

Ультраүндүү калыңдыкты ченегичтер жана дефектоскоптор

1 жылда бир жолу

187

Дефектоскоптордун бардык түрлөрү

1 жылда бир жолу
