Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2015-жылдын 4-марты № 97 “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө
1-берене Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Т.Балтагулов айыл аймагынын Кажар калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Т.Балтагулов айыл аймагынын Кажар айылы деп аталсын.
2-берене Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кош-Дөбө айыл аймагынын Таш-Жар жана Жаңгак калктуу конуштары айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кош-Дөбө айыл аймагынын Таш-Жар жана Жаңгак айылдары деп аталсын.
3-берене Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык айылы деп аталсын.
4-берене Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Т.Балтагулов айыл аймагынын Кажар, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кош-Дөбө айыл аймагынын Таш-Жар жана Жаңгак, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык жаңы түзүлгөн айылдарынын чек араларынын баяндалышы бекитилсин.
5-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президент
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 9-апрелиндеги № 4974-V "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө"…Постановление · 09.04.2015 · № 4974-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-майындагы № 5066-V "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө"…Постановление · 06.05.2015 · № 5066-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-майындагы № 5067-V "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө"…Постановление · 06.05.2015 · № 5067-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралууЗакон · 25.04.2008 · № 65
- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндөЗакон · 15.03.2021 · № 32
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166