Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасы жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 20 июня 2018 года № 291 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-06-20.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 27-февралы № 85 Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасы жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 552 токтомунун редакциясына ылайык) Социалдык өнүгүүгө бирдиктүү курсту өткөрүү, Кыргыз Республикасынын калкынын жашоо деңгээлин жакшыртуу жана жогорулатуу максатында “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17- беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасы (мындан ары – Программа), 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2016-2017-жылдарга карата программасын аткаруу боюнча Иш-чаралар планы, 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасын аткаруунун Финансылык планы, 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасын мониторингдөө үчүн Негизги индикаторлордун матрицасы, 4-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 552 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):
- тейлеген багыттары боюнча Программаны аткаруу үчүн Иш-чаралардын ведомстволук социалдык-экономикалык пландарын бир айлык мөөнөттө иштеп чыгышсын жана тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгында, отчеттук мезгилден кийин 20-январдан жана 20-июлдан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине Программаны аткаруунун жүрүшү тууралуу маалымат беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгында, отчеттук мезгилден кийин 20-февралдан жана 20-августтан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңешинин Катчылыгына Программаны аткаруунун жүрүшү тууралуу жалпыланган отчетту берсин;
- Программаны аткарууга жыл сайын өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен зарылдыкка жараша Программага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуштарды берсин.
4. Программанын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүгүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 13 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (13)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-ноябрындагы № 421-б (2014-2019-жылдарга Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын расмий тилде бешинчи мезгилдүү…Распоряжение · 06.11.2019 · № 421-р
- Кыргыз Республикасынын калкынын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча 2018-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ПРОГРАММАСЫПрограмма · 01.03.2018 · № 119
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 317 "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-2018 -жылдарга орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.05.2015 · № 317
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 20.06.2018 · № 291
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2017-жылга жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.07.2016 · № 395 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылдын 24-мартындагы № 145/6/1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 24.03.2016 · № 145/6/1 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 85 токтому…Программа · 27.02.2015 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 354 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2016-жылга жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.06.2015 · № 354 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 148-1/1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылга карата экономикалык саясаттын негизги…Постановление · 13.03.2017 · № 148-1/1 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 20 мая 2016 года № 270 "О Среднесрочном прогнозе социально-экономического развития Кыргызской Республики на 2017-2019 годы"Постановление · 20.05.2016 · № 270 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 552 токтомуПостановление · 14.10.2016 · № 552
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 552 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн…Постановление · 14.10.2016 · № 552 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-августундагы № 597 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 354 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн…Постановление · 21.08.2015 · № 597 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 20.06.2018 · № 291
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.