# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы № 91 "2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасында химиялык заттарды талаптагыдай башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы № 91 "2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасында химиялык заттарды талаптагыдай башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97343>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17917/edition/963011/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97343.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы № 91 "2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасында химиялык заттарды талаптагыдай башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө" токтому (31.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97343

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 2-марты № 91 2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасында химиялык заттарды талаптагыдай башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө Химиялык заттарды коопсуз башкарууну камсыздоо, химиялык заттарды башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды координациялоону жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасында химиялык заттарды талаптагыдай башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы (мындан ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары:

- Программаны ишке ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн;

- жыл сайын 15-декабрга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчал турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:

- Программаны ишке ашырууну координациялоону жана мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырсын;

- жыл сайын 25-декабрга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Программаны аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
