# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 27.02.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97337>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17912/edition/1064747/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97337.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (30.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97337

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 27-февралы № 83 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык) Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын иштерин оптималдаштыруу, алардын милдеттерин жана функцияларын бөлүштүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 7-пунктунда:

"5349" цифралары "5327" цифралары менен алмаштырылсын; "5082" цифралары " 5060" цифралары менен алмаштырылсын;

- 33-пунктунда:

"566" цифралары "588" цифралары менен алмаштырылсын; "119" цифралары "134" цифралары менен алмаштырылсын; "447" цифралары "454" цифралары менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жободо:

- 7-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы алтымыш үчүнчү-алтымыш алтынчы абзацтар менен толукталсын:

"- көз карандысыз суу пайдалануучу субъекттердин менчигинде жана башкаруусунда, ошондой эле муниципалдык менчикте турган суу чарба инфратүзүмүнүн объектилерин кармоонун ченемдеринин жана эрежелеринин сакталышына;

- суу ресурстарынын пайдаланышына;

- суу ресурстарынын булгануусунун, азайышынын же алардын айыл чарба жерлерине жана жаратылыш ландшафттарына терс таасирин тийгизүү деңгээлине;

- суу пайдалануучулардын укуктарынын бузулушуна жана суу мыйзамдарынын башка бузулушуна.";

- 8-пункттун он экинчи абзацы "жеке жактардан" деген сөздөрдөн кийин "жер, суу," деген сөздөр менен толукталсын.

3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
