Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишин комплекстүү баалоонун негиздери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 24-февралы № 81 Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишин комплекстүү баалоонун негиздери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 173, 2016-жылдын 17-июнундагы № 329 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишин баалоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишин комплекстүү баалоонун негиздери жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 329 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. 2015-жыл Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын (мындан ары - ИИО) ишин комплекстүү баалоо тутумун апробациялоо жана ишке киргизүү мезгили деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- бир айлык мөөнөттө ИИОнун ишин комплекстүү баалоону жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы иштеп чыксын жана колдонууга киргизсин;
- ведомство ичиндеги баалоону жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу бөлүнүштөрдүн кызматкерлерин окутууну уюштурсун;
- ИИОнун ишинин натыйжалуулугун баалоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү күчөтүү жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды ишке ашыруу үчүн райондук, шаардык жана айылдык деңгээлде, анын ичинен коомдук-алдын алуу борборлорунун базасында маалымат аянттарын түзсүн;
- ИИОнун кызматкерлерине, калкка жана коомчулукка ИИОнун ишин баалоонун жаңы критерийлеринин ишке киргизилгендиги жөнүндө, анын ичинде тиешелүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен маалымдасын;
- апробациялоонун жүрүшүндө алынган ИИОнун ишин комплекстүү баалоонун натыйжаларына талдоо жүргүзсүн жана бул Жобону өркүндөтүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте берсин;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
-ИИОнун ишин комплекстүү баалоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жарым жылда бир жолу отчет берсин. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 173 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине изилдөөчү уюмдарды тандоо боюнча тендер өткөрүүдө жана ИИОнун иши жөнүндө коомдук пикирди изилдөө методологиясын бекитүүдө уюштуруучулук-методикалык жардам жана консультациялык көмөк көрсөтсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы N…Концепция · 23.08.2022 · № 469
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишин комплекстүү баалоонун негиздери жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-февралындагы № 81 токтому менен…Положение · 24.02.2015 · № 81
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 173 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишин комплекстүү…Постановление · 04.04.2016 · № 173
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин…Постановление · 17.06.2016 · № 329 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы №105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин…Постановление · 17.02.2012 · № 105 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 17-июнундагы № 329 токтомуПостановление · 17.06.2016 · № 329
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин…Постановление · 17.06.2016 · № 329 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.