# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-февралындагы № 60 "Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-февралындагы № 60 "Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97325>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17902/edition/617243/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97325.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-февралындагы № 60 "Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (13.02.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97325

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 13-февралы № 60 Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Айлана-чөйрөгө тийген таасирге баа берүүнү жүргүзүү жаатындагы укуктук мамилелерди жөнгө салуу максаттарында, «Экологиялык экспертиза жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр-жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
