# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-февралындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-февралындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97319>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17898/edition/712159/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97319.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-февралындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (11.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97319

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 187 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 18-февралы № 72 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жаныбарларды идентификациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү максатында, “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жөнүндө жободо:

- 7-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

- “жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо, чарбаларды каттоо, идентификацияланган жаныбарлардын кыймылын эсепке алуу боюнча чаралардын комплексин уюштуруу, өткөрүү жана Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү боюнча иш-чараларды ишке ашырат;”.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 7-пункттун 3-пунктчасынын онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 187 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
