Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртγүлөрдγ жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 15 февраля 2017 года № 103 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики «О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики»"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-02-15.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-февралындагы N 103 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 24-февралы № 82 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртγүлөрдγ жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнγндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Азимов Алмаз Курбаналиевич аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкγлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнγндө
1-берене «Салыктык эмес төлѳмдөр жөнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., №5, 157-ст.) төмөнкγдөй өзгөртγγлөр киргизилсин:
1. 8-11 -статьялар кγчγн жоготту деп таанылсын.
2. 13-статьяда:
- статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
«13-статья. Мамлекеттик каттоо γчγн акы»;
- бешинчи - сегизинчи абзацтары кγчγн жоготту деп таанылсын.
2-берене «Мамлекеттик алым жөнундө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., №7-9, 722-ст.) төмѳнкүдөй ѳзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
1. 3-статьяда:
- 9-пункту төмөнкудөй редакцияда баяндалсын:
«9) лииензияларды жана уруксаттарды берγγ, кайра тариздөө жана жупнускасын берγγ γчγн;»;
- статья темөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:
«91) Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттин лицензиары тарабынан берилген лицензияны өз ара таануу жана бир тараптуу тартипте таануу жол-жобосу γчγн;».
2. 7-статья төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
«- лииензияларды же уруксаттарды берγγдө, кайра тариздөөдө, ошондой эле жупнускаларын берγүдө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине чегерилет;
- Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттин лицензиары тарабынан берилген лицензияны өз ара таануу жана бир тараптуу тартипте таанууда Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине чегерилет.».
3-берене «Кыргыз Республикасындагы лииензиялык-уруксат берγγ тутуму жөнγндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмѳнкүдѳй толуктоо жана өзгөртγүлөр киргизилсин:
1. 9-берененин 1-бөлүгүнγн «б» пункту «гана» деген сөздөн кийин «, ошондой эле ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 8-пунктунда каралган уруксат берγүлөргө карата» деген сөздөр менен толукталсын,
2. 19-беренеде:
- берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
«19-берене. Мамлекеттик алымдар»;
- 1-бөлүгүндегү «салыктык эмес толѳмдѳр жөнүндѳ мыйзамдарга ылайык бир жолку лицензиялык жыйым», «салыктык эмес төлөмдѳр жөнүндө мыйзамдарга ылайык лицензиялык жыйым» деген сөздөр «мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алым» деген сөздер менен алмаштырылсын;
- 3-белүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
4-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнѳ кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ѳзүнүн чечимдерин үч айлык мѳѳнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президента
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын 15-февралындагы № 103 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.02.2017 · № 103 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик алым жөнүндөЗакон · 15.08.2007 · № 153 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын 15-февралындагы № 103 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.02.2017 · № 103 · Күчүн жоготкон