# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97303>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17883/edition/761139/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97303.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (29.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97303

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы N 706 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 12-февралы № 51 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Улуттук жана ички кадрлар резервин түзүүнүн жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 18-статьясына, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштетүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жободо:

- 6-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 14-пункттун 1-пунктчасынын тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштетүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жободо: 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “7. Ички резерв төмөнкүлөрдөн түзүлөт:

- ошол мамлекеттик органда административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген жана аттестациянын жыйынтыгы боюнча кызматынан жогорулоого сунушталган мамлекеттик кызматчылардан;

- “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-статьясынын 4-бөлүгүндө аталган адамдардан;

- конкурстун жыйынтыгы боюнча аттестациялык-конкурстук комиссия тарабынан сунушталган адамдардан.”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
