Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 „Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 29 декабря 2016 года № 706 " О вопросах организации государственной гражданской службы и муниципальной службы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-12-29.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы N 706 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 12-февралы № 51 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Улуттук жана ички кадрлар резервин түзүүнүн жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 18-статьясына, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштетүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жободо:
- 6-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 14-пункттун 1-пунктчасынын тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштетүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жободо: 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “7. Ички резерв төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
- ошол мамлекеттик органда административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген жана аттестациянын жыйынтыгы боюнча кызматынан жогорулоого сунушталган мамлекеттик кызматчылардан;
- “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-статьясынын 4-бөлүгүндө аталган адамдардан;
- конкурстун жыйынтыгы боюнча аттестациялык-конкурстук комиссия тарабынан сунушталган адамдардан.”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштетүүнүн тартиби жөнүндө Убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын…Положение · 29.11.2011
- Мамлекеттик органдын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштетүүнүн тартиби жөнүндө Убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы №741 токтому менен…Положение · 29.11.2011
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 "Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө" ТОКТОМУПостановление · 29.12.2016 · № 706 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы №741 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 29.11.2011 · № 741 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 "Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө" ТОКТОМУПостановление · 29.12.2016 · № 706 · Күчүн жоготкон