Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Постановление Правительства КР от 13 февраля 2015 года № 61 «О внесении дополнений и изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики «О Регламенте Правительства Кыргызской Республики»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 28 октября 2021 года № 233 "О Регламенте Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-10-28.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 13-февралы № 61 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана ѳзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Ченемдик укуктук актылардагы коллизияларды четтетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмѳтγ жөнүндѳ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жѳнүндө" токтомуна төменкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинде:
- 138-пункт "көздөш үчүн" деген сездөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборуна (мындан ары -Борбор) же" деген свздөр менен толукталсын;
- 139-пунктта:
биринчи абзацтагы "Өкмөттүн Аппаратына» деген сөздөр "Борборго" деген сѳзгѳ алмаштырылсын; экинчи абзацтагы "Өкмөттүн Аппарат жетекчиси, ал эми ал жокто Аппарат жетекчисинин орун басарлары" деген сөздөр "Борбордун директору, ал эми ал жокто - Борбордун директорунун орун басары" деген сөздөргө алмаштырылсын; үчүнчү абзац "адвокаттарга" деген сездөн кийин ", адистерге, эксперттерге, юридикалык компанияларга" деген сѳздѳр менен толукталсын; пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "Борбор арбитраж сотторунда, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында жана жергиликтγү сот органдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын таламдарын коргоо маселелерин координациялоочу бир бүтγн орган болуп эсептелет. Борбордун мамлекеттик органдар менен болгон өз ара аракеттенүү тартибин Өкмөт аныктайт.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 28.10.2021 · № 233
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти" (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 токтому менен бекитилген)Регламент · 10.06.2013 · № 341 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 28.10.2021 · № 233
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 10.06.2013 · № 341 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон