# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасында алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук заттардан мас абалды же алкоголь ичүү, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды пайдалануу фактысын аныктоо боюнча медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасында алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук заттардан мас абалды же алкоголь ичүү, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды пайдалануу фактысын аныктоо боюнча медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97299>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17880/edition/1233306/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97299.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасында алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук заттардан мас абалды же алкоголь ичүү, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды пайдалануу фактысын аныктоо боюнча медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (12.02.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97299

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 12-февралы № 50 Кыргыз Республикасында алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук заттардан мас абалды же алкоголь ичүү, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды пайдалануу фактысын аныктоо боюнча медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

“Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук заттардан мас абалды жана алкоголь ичүү, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды пайдалануу фактысын аныктоо боюнча медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнɵ кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
