# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-февралындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-февралындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 06.02.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.01.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97290>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17872/edition/924960/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97290.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-февралындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (16.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97290

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-январындагы № 11 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 6-февралы № 40 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык) «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаменти жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментин каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин бекитилген бюджетинин чектеринде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды белгиленген тартипте көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-июнундагы № 457 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Аңчылык департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Биринчи вице-премьер-министр Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Т.Д. Сарпашев
