Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы „Кыргызтуракжайкоммунсоюз“ мамлекеттик ишканасынын суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 28-январы № 29 Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасынын суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-сентябры № 641 токтомдун редакциясына ылайык) Керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасы менен бирдикте бир айлык мөөнөттө акысыз негизде белгиленген тартипте ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айыл өкмөтүнүн жана Москва районундагы Беловодск айыл өкмөтүнүн жана Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айыл өкмөтүнө, Москва районундагы Беловодск айыл өкмөтүнө жана Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- жогоруда аталган суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин өздөрүнүн балансына белгиленген тартипте кабыл алуу;
- аларды түздөн-түз максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыз кылуу.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жогоруда аталган суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин каттасын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Тиркеме
“Кыргызтуракжайкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасынын муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттеринин тизмеги
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-сентябры № 641 токтомдун редакциясына ылайык)
№
Объекттердин аталышы
Саны
Калдык наркы (миң сом)
1
2
3
4
Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айыл өкмөтү
1
Суу топтомо жайынын имараты
1
-
2
Суу топтоочу жайдагы өтмө курулма
1
-
3
Скважина
1
-
4
Күч жабдуулары
30 даана
481,660
5
Өткөрүп туруучу орнотмо (тармак)
150 км
469,028
6
Мамлекеттик номери 27-22 SC "УАЗ-452" маркасындагы автомобиль
1
-
7
Мамлекеттик номери 581 TRSC "ЭО-2621" маркасындагы трактор
1
-
Бардыгы:
950,688
Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айыл өкмөтү
1
Турак үй
1
217,909
2
Контролдук өткөрүүчү пункт
1
11,548
3
Скважина имараты - 1, 2, 3, 4, 5, 6
5
-
4
Тосмо
440 м
578,0
5
Күч жабдуулары
39 даана
1 442,833
6
Өткөрүп туруучу орнотмо (тармак)
105 км
1 480,517
7
Тазалоочу курулмалар имараты
1
296,037
8
Тунма аянтчасы
1
-
9
Насостук станция
1
1,505
10
Күч жабдуулары
15 даана
77,316
11
Өткөрүп туруучу орнотмо (тармак)
5,9 км
194,450
12
Мамлекеттик номери 27-23 SC "ГАЗ-52" маркасындагы автомобиль
1
-
13
Мамлекеттик номери 95-70 ФО "ЭО-2651 маркасындагы трактор
1
-
14
Мамлекеттик номери 27-21 SC "ИЖ-2715" маркасындагы автомобиль
1
-
Бардыгы:
4 300,115
Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл өкмөтү
1
Колонка
45 даана
94,965
2
Трасса
25 км
-
3
“Чуңкур” суу сактагычы
300 м3
-
4
“Узун-Булак” суу сактагычы
500 м3
-
Бардыгы:
94,965
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Чаек айылдык кеңешинин 2015-жылдын 19-мартындагы № 11 "Жумгал жылуулук суу камсыздоо жана суу өткөрүү ишканасы, Чаек айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине 2015-жылдын 1-мартынан…Постановление · 19.03.2015 · № 11
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 641 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-январындагы № 29 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин…Постановление · 16.09.2015 · № 641
Шилтеме берет (4)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.