# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2015-жылдагы айыл чарбалык талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2015-жылдагы айыл чарбалык талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97266>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17850/edition/800561/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97266.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2015-жылдагы айыл чарбалык талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтому (04.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97266

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 250 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 23-январы № 21 Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2015-жылдагы айыл чарбалык талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 21-сентябры № 653 токтомдун редакциясына ылайык) 2015-жылдагы айыл чарбалык талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүүнү камсыздоо үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөргө керектүү өндүрүштүк шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө 2015-жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан сунушталган жана алар менен макулдашылган структурасы 1-тиркемеге ылайык сунушталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:

райондор боюнча 2015-жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын сунушталган структурасын аткарууга алышсын; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте 2015-жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын сунушталган структурасын ар бир айылдык аймакта ишке ашыруу боюнча чарбакер субъекттер менен түшүндүрүү ишин жүргүзүшсүн; Айыл чарбалык талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча республикалык штабдын жумушчу органына - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине айыл чарбалык себүү жана жыйноо иштеринин жүрүшү жөнүндө оперативдик маалыматты белгиленген форма боюнча апта сайын берүүнү камсыздашсын.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте:

- колдо болгон себүүчү, жыйноочу, транспорттук, жер иштетүүчү, дан жана үрөн тазалоочу айыл чарба техникаларын, салмакты өлчөө приборлорун эсепке алуу боюнча ишти жүргүзсүн. Колдо болгон баардык техниканы өз учурунда сапаттуу ремонттоо жана техникалык тейлөө максатында жеке менчик техникалык жана агротехникалык сервистик кызматтарга алардын керектүү запастык тетиктер, түйүндөр жана агрегаттар менен комплектилениши үчүн каржылоо булагын табууга жардам көрсөтүшсүн;

- кырмандарды жана башка ылайыкташтырылган кампаларды айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы түшүмүн кабыл алууга жана иштетүүгө өз учурунда даярдашсын. Аларда өрткө каршы коопсуздукту сактоо боюнча чараларды көрүшсүн, ошондой эле жыйноочу жана транспорттук айыл чарба техникаларын өрткө каршы керектүү жабдуулар жана шаймандар менен камсыздашсын;

- айыл аймактары боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү жана жыйноо жумуштарынын иш графиктерин түзүшсүн. Себилген дан өсүмдүктөрүнүн бышканына жараша эгин оруучу комбайндардын баруусунун маршруттук схемасын белгилешсин;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен бирдикте айыл чарба өсүмдүктөрүнүн биологиялык түшүмдүүлүгүн аныкташсын;

- “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, “Жалал-Абад электр” жана “Ош электр” ачык акционердик коомдору менен техникалык жана агротехникалык сервистик кызматтарга, кырмандарга жана кайра иштетүүчү ишканаларга, ошондой эле сугаруу үчүн насостук станцияларга жана скважиналарга электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү маселесин макулдашсын;

- үрөнчүлүк жана башка чарбакер субъекттерде 2015-жылы жазгы себүүнү жана 2016-жылдын түшүмү үчүн күздүк себүүнү камсыздоо үчүн керектүү көлөмдө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн жана тигилүүчү материалдарын камдоону уюштурушсун;

- өз алдынча башкаруу органдарынын, суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жана башка чарбакер субъекттердин балансында турган чарба ичиндеги сугат тармагынын ным топтоочу, вегетациялык жана айдоо алдындагы сугаттарга өз учурунда жана сапаттуу даярдалышын камсыздоого иштиктүү жардам көрсөтүшсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:

- республиканын облустарында жана райондорунда донордук колдоону тартуу менен дыйкандарды жана фермерлерди айыл чарба өсүмдүктөрүн жана мөмө-жемиш бактарды тамчылатып сугаруунун заманбап алдыңкы технологиялары, ошондой эле күнөсканада жашылча өстүрүү боюнча семинарларды өткөрүүнү жана окутууну практикага киргизишсин;

- америкалык ЮСАИД эл аралык өнүктүрүү агенттигинин долбоору тандап алган республиканын 14 үрөн чарбасы товардык кредит түрүндө алышкан оригинал үрөндөр, айыл чарбалык техника жана жабдуулар үчүн кредиттик карызды өз убагында төлөшүнө такай контролду камсыздасын;

- 2015-жылдагы жазгы жана 2016-жылдын түшүмү үчүн күздүк себүүгө республиканын үрөн чарбаларына жана айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд менен бирдикте республикалык мамлекеттик үрөн фонду үчүн республиканын үрөн чарбаларында мамлекеттик карыз каражаттар боюнча (Япониянын Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн узак мөөнөттүү гранттарынан башка) бересесин төлөөнүн эсебинен күздүк жана жаздык буудайдын биринчи жана экинчи репродукциясынын, жаздык жана күздүк арпанын, ошондой эле пахтанын, беденин, эспарцеттин, жүгөрүнүн жана картошканын сертификатталган суперэлита, элита үрөндөрүн топтоону уюштурсун;

- үрөн чарбаларга жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө алардын сортту жаңыртуусу жана сортту алмаштыруусу, ошондой эле баланс боюнча үрөндүн жетишсиздигин өз убагында толуктоосу үчүн үрөн менен камсыздоодо мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык жана райондук комиссиялардын жумушчу отурумдарында аларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 токтому менен бекитилген Мамлекеттик зайымдык каражаттарды бөлүүнүн, эсепке алуунун жана кайтарууну камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобого ылайык республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон сертификатталган үрөндөрдү пайызсыз товардык кредит түрүндө бөлүп берсин;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кытай Эл Республикасынын жана Япониянын Өкмөтүнүн мурда берилген гранттарынын кайра төлөнүүчү каражаттарын келечекте лизингге берилүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноочу комбайндарды жана машиналарды сатып алууга пайдалануу жөнүндө сунуш киргизсин;

- “Айыл Банк”, “РСК Банк” ачык акционердик компаниялары жана башка коммерциялык банктар менен бирдикте айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө 2015-жылга карата бөлүнгөн жеңилдетилген кредиттердин жалпы көлөмүнө жараша республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө алар айыл чарбалык талаа жумуштарын аткарышы үчүн жетиштүү көлөмдө кредит берүү маселесин макулдашсын жана иштеп чыксын;

- Нефти соодалоочулар ассоциациясы менен нефти базаларда жана автомайбекеттерде топтоо жолу менен дизелдик отунду көп көлөмдө алуучу дыйкандарга жана фермерлерге жеңилдетилген берүүнү практикалап айылдык товар өндүрүүчүлөрдү күйүүчү-майлоочу материалдар менен өз убагында камсыздоо жөнүндө Меморандум түзүү мүмкүндүгүн караштырсын;

- ным топтоочу, вегетациялык жана айдоо алдындагы сугаттар башталганга чейин колдо болгон чарбалар аралык сугат тармагын даярдоону камсыздасын, ошондой эле, болгон суу сактагычтарда жана башка суу булактарында сууну болушунча топтоо боюнча чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- сарптоолордун “Имараттар менен курулмалар” жана “Башка кызматтарды сатып алуу” беренелери боюнча каржылоонун жылдык көлөмүндөгү акча каражатынын 80 пайызын 2015-жылдын биринчи жана экинчи кварталдарында берүүнү караштыруу менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин суу чарба объектилерин оңдоо-калыбына келтирүү жумуштарын биринчи кезекте каржылоону камсыздасын.

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд:

- үрөнчүлүк жана башка чарбакер субъекттер пайызсыз товардык кредит түрүндө жаздык буудайдын, жаздык арпанын, пахтанын, жүгөрүнүн жана картошканын үрөндөрүн 2015-жылдын 1-декабрына чейин төлөө мөөнөтү менен алуусу үчүн кредиттик келишимдерди жана күрөөлүк милдеттенмелерди өз учурунда белгиленген тартипте тариздесин;

- Нарын облусунун бийик тоолуу райондорундагы, Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорундагы, Жалал-Абад облусунун Токтогул, Тогуз-Торо жана Чаткал райондорундагы, Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагындагы айылдык товар өндүрүүчүлөргө кредитти төлөө мөөнөтүн 2016-жылдын 1-декабрына чейин белгилесин;

- республиканын баардык чарбакер субъекттеринин күздүк буудайдын, күздүк арпанын, беденин жана эспарцеттин сертификатталган үрөндөрүн алуусун 2016-жылдын 1-декабрына чейин төлөө мөөнөтү менен тариздесин.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги:

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги берген маалыматтардын негизинде, республиканын үрөн чарбалары республикалык мамлекеттик үрөн фондунда мамлекеттик карыз каражаттарды төлөөнүн эсебинен топтошкон айыл чарба өсүмдүктөрүнүн биринчи жана экинчи репродукциядагы сертификатталган суперэлита, элита үрөндөрүн 2015-жылдагы жазгы себүү жана 2016-жылдын түшүмү үчүн күздүк себүүгө сатуучу бааларды товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык мамлекеттик жана райондук комиссиялардын чечимдеринин негизинде бекитсин:

- 2015-жылдын 1-февралына чейин - жаздык буудайдын, арпанын, пахтанын, картошканын, жүгөрүнүн, беденин жана эспарцеттин;

- 2015-жылдын 1-августуна чейин – күздүк буудайдын жана күздүк арпанын.

8. Кыргыз Республикасынын Нефти соодалоочулар ассоциациясына айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн жаздык жана күздүк себүү өнөктүктөрүн жүргүзүүдө, ошондой эле өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноодо пайдалануусу үчүн республиканын облустары менен райондорундагы нефти базаларда жана автомайбекеттерде күйүүчү-майлоочу материалдарды 2-тиркемеге ылайык көлөмдө топтоо сунушталсын.

9. “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы:

- “Кайыңды-Кант” ачык акционердик коомунун арыздарынын негизинде кант кызылчасын кабыл алуучу пункттардан аны иштетүүчү жерлерге чейин ташуу үчүн керектүү сандагы вагондорду бөлсүн, ошондой эле кызылча өстүрүүчүлөр менен эсептешүүгө арналган кумшекерди ташууну камсыздасын;

- "Кайыңды-Кант" ачык акционердик коому менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кызылчаны кабыл алуу жана иштетүү мезгилинде вагондордун жүктөө жана түшүрүү үчүн туруп калуусунун экономикалык жактан негизделген нормативдерин белгилөө сунушталсын;

- 2015-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин кант кызылчасын жана кумшекерди республика ичиндеги темир жол аркылуу колдонуудагы тарифтерди 20%га төмөндөтүү менен убактылуу жеңилдетилген тарифте ташуу сунушталсын.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 21-сентябры № 653 токтомдун редакциясына ылайык)

10. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

11. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

1-тиркеме

2015-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү аянттарынын

сунушталган структурасы (миң га)

Өсүмдүктөрдүн аталышы

Респуб-лика боюнча

анын ичинде облустар боюнча

Баткен

Жалал -Абад

Ысык -Көл

Нарын

Ош

Талас

Чүй

Бардык дан эгиндер

634,3

40,3

61,8

93,1

26,5

96,7

64,4

251,5

а.и. буудай

313,5

16,0

19,1

64,9

13,8

59,2

6,3

134,2

арпа

153,9

10,1

4,4

27,4

12,5

11,2

1,2

87,1

жүгөрү

96,0

9,4

33,1

\-

0,02

24,3

3,7

25,5

дан буурчактар

59,5

2,0

1,0

0,3

\-

0,6

52,6

4,0

башкалар

9,7

2,8

4,0

0,5

\-

1,4

0,3

0,7

Кант кызылча

6,2

\-

6,2

Пахта

21,1

0,03

13,0

8,1

Тамеки

2,3

0,6

0,3

1,3

0,1

Май өсүмдүктөрү

44,6

1,7

18,4

0,1

\-

12,7

1,0

10,8

Картошка

80,1

2,4

8,9

27,2

5,8

10,6

15,6

9,6

Жашылча

47,6

2,9

10,6

2,1

0,5

8,8

3,7

19,0

Бакча өсүмдүктөрү

10,0

0,2

4,0

2,2

0,03

3,6

Тоют өсүмдүктөрү

336,1

15,6

30,9

59,8

72,2

33,6

19,5

104,6

2-тиркеме

2015- жылы айыл чарба жумуштарын жүргүзүү үчүн облустар боюнча күйүүчү-майлоочу материалдардын керектелүүсү

Облустар-дын аталышы

Дизелдик отун

Автобензин

Дизел майы

Автол

Бар-дыгы

мунун ичинен

Бар-дыгы

мунун ичинен

Бар-дыгы

мунун ичинен

Бар-ды-гы

мунун ичинен

жаз-гы талаа жу-муш-та-рына

жый-ноо жу-муш-та-рына

күзгү талаа жу-муш-та-рына

жазгы талаа жу-муш-та-рына

жый-ноо жу-муш-та-рына

күзгү талаа жу-муш-та-рына

жазгы талаа жу-муш-та-рына

Жый-ноо жу-муш-та-рына

күзгү талаа жу-муш-та-рына

жазгы талаа жу-муш-та-рына

Жый-ноо жу-муш-та-рына

күзгү талаа жу-муш-та-рына

Респуб-лика

96742

40467

41275

15000

23109

9743

9617

3749

4803

1770

1906

1127

1622

641

646

335

Баткен

6147

3210

2087

850

1176

556

408

212

311

183

63

65

163

88

55

20

Жалал-Абад

13418

5918

5500

2000

3604

1468

1636

500

510

160

200

150

229

106

78

45

Ысык-Көл

12616

6446

4920

1250

2608

1913

383

312

472

224

153

95

205

107

70

28

Нарын

3271

1924

1347

1152

384

768

151

66

85

114

38

76

\-

Ош

13868

4540

5928

3400

3873

1518

1505

850

690

185

250

255

213

63

75

75

Талас

10498

6312

3186

1000

1647

874

523

250

550

316

159

75

117

63

32

22

Чүй

33458

12130

14828

6500

8854

3032

4197

1625

1933

606

840

487

577

180

252

145
