# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-январындагы № 19 "Бишкек шаарында 2014-жылдын 26-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013 жана 2014-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013 жана 2014-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-январындагы № 19 "Бишкек шаарында 2014-жылдын 26-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013 жана 2014-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013 жана 2014-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97264>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17848/edition/747767/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97264.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-январындагы № 19 "Бишкек шаарында 2014-жылдын 26-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013 жана 2014-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013 жана 2014-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (21.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97264

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 21-январы № 19 “Бишкек шаарында 2014-жылдын 26-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013 жана 2014-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013 жана 2014-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында жана “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

- “Бишкек шаарында 2014-жылдын 26-сентябрында “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013 жана 2014-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013 жана 2014-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Бишкек шаарында 2014-жылдын 26-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013 жана 2014-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013 жана 2014-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри ушул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

Долбоор Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Бишкек шаарында 2014-жылдын 26-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013 жана 2014-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013 жана 2014-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

1-берене Бишкек шаарында 2014-жылдын 26-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013 жана 2014-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013 жана 2014-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги германия тарапка бул макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө кабарласын.

3-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
