# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасында көргөзмө-жарманкелик иш-аракетти өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасында көргөзмө-жарманкелик иш-аракетти өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97263>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17847/edition/617355/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97263.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасында көргөзмө-жарманкелик иш-аракетти өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97263

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 20-январы № 17 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-мартындагы № 143 «Кыргыз Республикасында көргөзмө-жарманкелик иш-аракетти өркүндөтүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-мартындагы №143 «Кыргыз Республикасында көргөзмө-жармаңкелик иш-аракетти өркүндөтүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында көргөзмө-жарманкелик иш-аракет жөнүндө жободо:

- 3.1.-пункттун 3.1.1.-пунктчасындагы «, аны эл аралык стандарттарга, нормалар менен эрежелерге ылайык келтирүү» деген сөздөр алынып салынсын;

- 4.1.-пункттагы «ата-мекендик жана чет өлкөлүк юридикалык жактар менен жеке адамдарга» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарга» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 4.3.-пункт жана 23, 24-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;

- 5.1.-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына жана ушул Жобого» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 5.2.-пунктунда:

5.2.1.- пунктчасындагы биринчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Көргөзмөлөрдүн уюштуруучулары болуп, көргөзмөнү өткөрүү боюнча чечим кабыл алган, көргөзмөнүн катышуучуларынын алдында өзүнө материалдык жоопкерчиликти албаган, бирок көргөзмөнү өткөрүү жана даярдоо боюнча уюштуруу-техникалык жана усулдук жетекчиликти жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана коомдук түзүмдөр саналат.»;

5.2.4.-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Айрым көргөзмөлөрдө жамааттык уюштуруучулар болуп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар чыгышы мүмкүн, бул учурда алар «көргөзмөлөрдүн кошо уюштуруучулары» деп аталышат.»;

- 6.3.- пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Кесиптик эмес болуп, көргөзмө кызматтары ишинин негизги түрү болбогон өз алдынча уюмдар же ыйгарымдуу мамлекеттик органдардын бөлүмдөрү, ошондой эле жеке жактар эсептелинет.»; -7.3.-пунктундагы «Эл аралык келишимдердин же макулдашуулардын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин» деген сөздөргө алмаштырылсын.

- 9.4.-пунктундагы «Министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, административдик ведомстволордо жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда» деген сөздөргө алмаштырылсын.

- 10.1.-пунктунда:

10.1.2.-пунктчасындагы «мыйзамдарына жана башка нормативдик-укуктук актыларына» деген сөздөр «ченемдик укуктук актыларга» деген сөздөргө алмаштырылсын;

10.1.4.-пунктчасындагы «жана көргөзмө-жарманкелик иш-чараларды өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун сакталышын контролдойт;» деген сөздөр алынып салынсын;

10.1.5.-пунктчасындагы «Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын» деген сөздөргө алмаштырылсын;

-13.1.-пунктундагы «министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 13.2.-пункту «башка булактарды» деген сөздөрдөн мурда «, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган» деген сөздөр менен толукталсын.

- 16.1.-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

- «16.1. Көргөзмөлөрдүн уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле коомдук уюмдар болушу мүмкүн.»;

- 16.4.-пунктундагы «министрликтердин, башка мамлекеттик башкаруу органдарынын» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 17.1.-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«17.1. Чет мамлекеттердин же эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасынын аймагында уюштуруучу көргөзмөлөрү Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган шарттарда өткөрүлөт.»;

- 18.2.-пункттун экинчи сүйлөмүндөгү «жана башкаларга» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыкмалар менен» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 21.3.-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына, ушул Жобого» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына» деген сөздөргө алмаштырылсын.

- 25.3.-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Мамстандарты» деген сөздөр алынып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
