# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97257>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17841/edition/1258456/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97257.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97257

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 15-январы № 10 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-февралы № 78 токтомдун редакциясына ылайык) “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-декабрындагы № 678 “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планында:

- 1.1-милдеттин 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 1.2-милдеттин 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 3.1-милдеттин 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 “2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планынын 10-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-февралы № 78 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-мартындагы № 177 “2014-жылды Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 29-январындагы Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар планынын 30 жана 41-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
