# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча 2015-жылга иммиграциялык квотаны бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча 2015-жылга иммиграциялык квотаны бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 14.01.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97253>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17838/edition/747759/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97253.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча 2015-жылга иммиграциялык квотаны бекитүү жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97253

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 14-январы № 8 Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча 2015-жылга иммиграциялык квотаны бекитүү жөнүндө

“Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча 2015-жылга чектүү санын белгилеген иммиграциялык квота тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

Тиркеме

Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча 2015-жылга чектүү санын белгилеген

иммиграциялык квота

Региондун аталышы

Саны (адам)

Бишкек шаары

300

Ош шаары

45

Баткен облусу

20

Жалал-Абад облусу

30

Ысык-Көл облусу

15

Нарын облусу

10

Ош облусу

45

Талас облусу

10

Чүй облусу

200

Жыйынтыгы

680
