# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-декабрындагы № 761 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-декабрындагы № 761 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 761
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97244>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17829/edition/747747/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97244.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-декабрындагы № 761 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97244

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 31-декабры № 761 “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолорду жана

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (“Эркин Тоо” гезити, 2004-жылдын 20-августу, № 67-70) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 6-статьясынын 5-бөлүгү “мамлекеттик” деген сөздөн кийин “жарандык кызматчылары жана муниципалдык” деген сөздөр менен толукталсын.

2. 62-статьясынын 6-бөлүгү “эмгек укуктарынын ченемдерин” деген сөздөрдөн мурда “мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларды кошпогондо” деген сөздөр менен толукталсын.

3. 67-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“67-статья. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат ордуна дайындоо, кызмат өтөө жана кызмат ордунан бошотуу тартиби Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөө Конституцияда, мыйзамдарда жана мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте дайындоо же шайлоо жолу менен жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат ордуна дайындоо, кызмат өтөө жана кызмат ордунан бошотуу мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.”.

4. 69-статьясынын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Тиешелүү мыйзамдарда мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды тиешелүү мамлекеттик органда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта иштөө өзгөчөлүгүн эске алуучу башка туруктуу жана убактылуу ишке ротациялоо өзгөчөлүгү белгилениши мүмкүн.”.

5. 152-статьясынын 1-бөлүгү “Кодекске,” деген сөздөн кийин “башка ченемдик укуктук актыларга,” деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
