# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-декабрындагы № 759 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы № 457 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-декабрындагы № 759 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы № 457 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 759
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97242>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17827/edition/610981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97242.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-декабрындагы № 759 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы № 457 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97242

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 31-декабры № 759 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы № 457 “Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 191-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы № 457 “Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- аталышындагы жана бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү “Маданият жана маалымат” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “Маданият, маалымат жана туризм” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- аталышындагы жана 1-пункттагы “атайын эсеби” деген сөздөр “атайын эсебинин каражаттары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин атайын эсеби жөнүндө жободо:

- аталышындагы жана бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү “Маданият жана маалымат” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “Маданият, маалымат жана туризм” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- аталышындагы жана II бөлүмдүн аталышындагы ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү “атайын эсепти” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “атайын эсептин каражаттарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пункттагы “ачылат” деген сөз “түзүлөт” деген сөз менен алмаштырылсын;

- 3-пунктта:

экинчи абзацындагы “бөлүмдөрүнүн” деген сөз “мекемелеринин” деген сөз менен алмаштырылсын; үчүнчү абзацындагы “жеке жактардын ыктыярдуу взносторунан” деген сөздөрдөн кийин “, жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан алынган каражаттардан” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
