Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Республикалык бюджеттен каржылануучу объекттердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн билим берүү объекттерин тандоо критерийлерин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постаноление Правительства КР от 30 декабря 2017 года № 855 "Об утверждении Положения о формировании перечня инвестиционных проектов, реализуемых в форме капитальных вложений, финансируемых из республиканского бюджета"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-12-30.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 855 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 26-декабры № 732 Республикалык бюджеттен каржылануучу объекттердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн билим берүү объекттерин тандоо критерийлерин бекитүү жөнүндө
Билим берүү объекттеринин чөйрөсүндө капиталдык салымдарды каржылоого республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттарды пайдаланууну тартипке салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен каржылануучу объекттердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн билим берүү объекттерин тандоо критерийлери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-сентябрындагы № 652 “Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана объекттердин тизмесин түзүү жана аларды республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана объектилердин тизмесин түзүү жана аларды республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө жободо:
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы “е)” пунктчасы менен толукталсын:
“е) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте республикалык бюджеттен каржылануучу объекттердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн билим берүү объекттерин тандоо критерийлерине ылайык билим берүү объекттери.”.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Тиркеме
Республикалык бюджеттен каржылануучу объекттердин
жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн билим берүү объекттерин тандоо критерийлери
№
Критерийлердин аталышы
Баллы
I
Өтмө, курулушу бүтпөгөн объекттер
1
Даярдыгынын пайызы
91 %дан жогору
25
81 %дан 90%га чейин
22,5
71 %дан 80 %га чейин
20
61 %дан 70 %га чейин
17,5
51 %дан 60 %га чейин
15
41 %дан 50 %га чейин
12,5
31 %дан 40 %га чейин
10
21 %дан 30 %га чейин
7,5
11 %дан 20 %га чейин
5
Өздөштүрүү 10 %дан төмөн болгон объекттер
2,5
II
Объекттин абалы
1
Имараттын иш жүзүндөгү эскириши (баалоочулардын корутундусу болгондо)
81 %дан жогору
25
71 %дан 80 %га чейин
22,5
61 %дан 70 %га чейин
20
51 %дан 60 %га чейин
17,5
41%дан 50 %га чейин
15
31 %дан 40 %га чейин
12,5
30 %га чейин
10
2
Жакынкы окшош объектиге чейинки аралык
9 километрден жогору
10
6дан 9 километрге чейин
8,5
5ден 6 километрге чейин
7
4дөн 5 километрге чейин
5,5
3дөн 4 километрге чейин
4
2ден 3 километрге чейин
2,5
2 километрге чейин
1
3
Ар бир класстын толукталышы (окуучуларын контингенти)
41 окуучудан жогору
15
36дан 40 адамга чейин
13
31ден 35 адамга чейин
11
26дан 30 адамга чейин
9
21ден 25 адамга чейин
7
16дан 20 адамга чейин
5
15 адамга чейин
3
4
1 окуучуга туура келүүчү окуу классынын аянты
0,5 кв. метрге чейин
15
0,5ден 1 кв. метрге чейин
13
1ден 1,5 кв. метрге чейин
11
1,5ден 2 кв. метрге чейин
9
2ден 2,5 кв. метрге чейин
7
2,5ден 3 кв. метрге чейин
5
3 кв. метрден жогору
3
5
Окуу сменасы
3 сменада
15
2 сменада
10
1 сменада
0
III
Курулушту жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошо каржылоо
41 %дан жогору
25
31 %дан 40 %га чейин
20
21 %дан 30 %га чейин
15
11 %дан 20 %га чейин
10
10 %га чейин
5
IV
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча Тизмеге киргизилүүчү объекттер
Табигый кырсыктардан жабыркаган, кечиктирбей калыбына келтирүүнү талап кылган объекттер
чек арага жакын аймактарда жайгашкан обьекттер
инвестициялык долбоордун объекттери
мурда мындай объект жок болгон калктуу конуштагы жаңы объекттин курулушу
Эскертүү:
IV пункту боюнча: Негизделген критерийлери жана демографиялык маалыматтары менен профилдик министрликтердин жаңы объектини куруу зарыл экендиги жөнүндө корутундусун милдеттүү түрдө берүү менен
Тизмеге киргизүү критерийлерин аныктоо боюнча эсептөө формуласы ∑ = I+II1+II2+II3+II4+II5+III
∑≥N баллын топтогон объекттер кезектүүлүк тартибинде Курулуштардын тизмесине киргизилет
Орточо босоголук сумманы аныктоо формуласы (N)
мында S- киргизилген объекттердин топтогон баллынын жалпы суммасы K- катталган объекттердин жалпы саны
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана объектилердин тизмесин түзүү жана аларды республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө Жобо ( Кыргыз Республикасынын…Положение · 11.09.2006 · № 652 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 855 "Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун…Постановление · 30.12.2017 · № 855 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30 декабрындагы № 855 токтомуПостановление · 30.12.2017 · № 855
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-сентябрындагы №652 " Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана объектилердин тизмесин түзүү жана аларды республикалык…Постановление · 11.09.2006 · № 652 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 855 "Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун…Постановление · 30.12.2017 · № 855 · Күчүн жоготкон