Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2014-жылдын 26-декабры № 731 "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Мектепке чейинки билим беруү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 6, 572-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбула күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 1-беренеде:
1) биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик стандарты (мындан ары - Мектепке чейинки билим берүүнүн мамстандарты) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү мектепке чейинки билим берүүгө жана балдарды багууга коюлуучу бирдиктүү талаптарды белгилеген документ.";
2) бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мектепке чейинки билим берүү программасы (негизги) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, өсүүнүн курактык жана жеке жөндөмдөрүнө ылайык мектепке чейинки тарбиянын жана окутуунун мазмунунун милдеттүү минимумун белгилөөчү документ.".
3. 2-беренедеги "эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга" деген сөздөр "эл аралык келишимдерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-берене менен толукталсын:
"2-1 берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети Ушул Мыйзам мектепке чейинки билим берүү жана балдарды өстүрүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптерин, Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү системасынын иштешинин укуктук, уюштуруучулук жана финансылык негиздерин аныктайт.".
5. 5-берененин 1-бөлүгүндөгү "ата-энелеринин расалык таандыктыгына, саясий, диний жана башка ынанымдарына, жынысына" деген сөздөр "ата-энелеринин саясий, диний жана башка ынанымдарына, жынысына, расалык таандыктыгына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 8-беренеде:
1) 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 3-бөлүгүндөгү "мыйзамдарда белгиленген тартипте" деген сөздөр "лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте" деген сөздөр менен алмаштырьшсын.
7. 9-берененин 4-бөлүгүңдөгү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздер "жарандык мыйзамдарда" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 10-беренеде:
1) 1 -бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мектепке чейинки билим берүү системасын башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.";
2) 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "эмгек мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Мектепке чейинки билим беруу жонундоЗакон · 29.06.2009 · № 198 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон