# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-декабрындагы № 744 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-декабрындагы № 744 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 744
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97229>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17814/edition/747733/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97229.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-декабрындагы № 744 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97229

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 29-декабры № 744 «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик

жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-жыл, № 2, 77-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 376-статьянын 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацындагы «жыйырмадан элүү» деген сөздөр «элүүдөн жүзгө» деген сөздөр менен алмаштырылсын; «же иштин белгилүү түрүн жүргүзүүгө укук берген лицензиядан ажыратууга» деген сөздөр алынып салынсын.

2. 537-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы «Башкармасынын башчысы» деген сөздөр «Департаменттин директору» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
