# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 742 "Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 742 "Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 742
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97226>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17812/edition/830082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97226.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 742 "Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (26.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97226

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 26-декабры № 742 Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

«Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап үч айлык мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгып жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
