# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-декабрындагы № 724 "Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-декабрындагы № 724 "Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 724
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17793/edition/1188820/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-декабрындагы № 724 "Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому (22.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97205

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 23-декабры № 724 Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону ишке ашыруунун жол-жоболорун тартипке келтирүү максатында, “Транспорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 13 жана 46-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу боюнча нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 28-сентябрындагы № 402 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 1-сентябрындагы № 655 “Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлигинин Кыргыз транспорт инспекциясынын маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
