# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-декабрындагы № 723 "Топтолмо пенсиялык фонддордун уставдык капиталынын минималдык өлчөмү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-декабрындагы № 723 "Топтолмо пенсиялык фонддордун уставдык капиталынын минималдык өлчөмү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 723
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97202>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17790/edition/747709/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97202.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-декабрындагы № 723 "Топтолмо пенсиялык фонддордун уставдык капиталынын минималдык өлчөмү жөнүндө" токтому (23.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97202

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 23-декабры № 723 Топтолмо пенсиялык фонддордун уставдык капиталынын минималдык өлчөмү жөнүндө Топтолмо пенсиялык фонддордун финансылык туруктуулугун, коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн бекемдөө жана аларга карата коомдун ишенимин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмү белгиленсин:

- мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу топтолмо пенсиялык фонд:

2014-жылдын 20-июнунан тартып - 5000000 (беш миллион) сомдон кем эмес; 2016-жылдын 1-январынан тартып - 10000000 (он миллион) сомдон кем эмес; 2017-жылдын 1-январынан тартып - 20000000 (жыйырма миллион) сомдон кем эмес;

- милдеттүү топтолмо пенсиялык камсыздандыруу тутумунун катышуучусу катары ишти жүзөгө ашыруучу топтолмо пенсиялык фонд:

2014-жылдын 20-июнунан тартып - 5000000 (беш миллион) сомдон кем эмес; 2016-жылдын 1-январынан тартып - 20000000 (жыйырма миллион) сомдон кем эмес; 2017-жылдын 1-январынан тартып - 40000000 (кырк миллион) сомдон кем эмес.

2. Ушул токтом 2014-жылдын 20-июнунан тартып күчүнө кирет.

3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
