Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Топтолмо пенсиялык фонддордун уставдык капиталынын минималдык өлчөмү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 23-декабры № 723 Топтолмо пенсиялык фонддордун уставдык капиталынын минималдык өлчөмү жөнүндө Топтолмо пенсиялык фонддордун финансылык туруктуулугун, коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн бекемдөө жана аларга карата коомдун ишенимин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмү белгиленсин:
- мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу топтолмо пенсиялык фонд:
2014-жылдын 20-июнунан тартып - 5000000 (беш миллион) сомдон кем эмес; 2016-жылдын 1-январынан тартып - 10000000 (он миллион) сомдон кем эмес; 2017-жылдын 1-январынан тартып - 20000000 (жыйырма миллион) сомдон кем эмес;
- милдеттүү топтолмо пенсиялык камсыздандыруу тутумунун катышуучусу катары ишти жүзөгө ашыруучу топтолмо пенсиялык фонд:
2014-жылдын 20-июнунан тартып - 5000000 (беш миллион) сомдон кем эмес; 2016-жылдын 1-январынан тартып - 20000000 (жыйырма миллион) сомдон кем эмес; 2017-жылдын 1-январынан тартып - 40000000 (кырк миллион) сомдон кем эмес.
2. Ушул токтом 2014-жылдын 20-июнунан тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндөЗакон · 11.12.2013 · № 216